Рамин: «САМОЗВАНЕЦ» деген сөздөрдү угуп КАПА БОЛОМ»

“Танхам” деген ыр менен жаштар ооруп, жерди теше бийлеп калышты акыркы кезде. Аны ирандык Рамин Монтазери деген ырчы ырдайт деп билсеңиздер керек. Ошол жигиттин Кыргызстанга келип иштеп калганына эки жылга аяк басты. Шоу-бизнес чөйрөсүндө «бул ирандык ырчынын атын жамынып жүргөн эле бирөө» деген кептер айтылууда. Мындан улам чындыгында эле ирандык Рамин аттуу ырчы бизге келип иштеп жүрөбү же атын жамынган бирөөбү, ошону изилдеп көрөлү дедик. Күмөн санаган суроолор көп болгондуктан, ырчы жигит бизди ырдап ишендиргенге аракет кылды...

Толук аты-жөнү – Расул Хейр Абади
Сахнадагы лакап аты – Рамин Р.К. (Р.К. ата-энесинин ысымынын баш тамгаларынан алынган)
Туулган жери – Иран, Мешхед шаары
Туулган жылы – 1989-жыл, 10-декабрь
Репертуарында – 10 ыры, 1 клиби бар
Атак алып келген ыры – “Танхам”

– Куш келипсиң, Рамин. Кепти Кыргызстанга келип калышыңдан баштасак...
– Рахмат. Атам бизнесине байланыштуу көптөн бери Кыргызстанда. Мен дагы 5 жылдан бери жайында келип-кетип жүрчүмүн. Иранда ырчы болсоң дүкөндөргө кенен кирип, көчөдө басып жүрө албайсың. Чыктың дегиче таанып, жүдөтүшөт. Ошондуктан сиздерге кенен басып жүрүш үчүн келдим (күлүп). Анан Ислам Сатаров Иран элчилиги аркылуу мага байланышка чыгып “эмне аракет кылбайсың? Кыргызстанга келип иштебейсиңби?” деп калды. Ошентип иштешип калдык.

– Эмне үчүн дал Кыргызстанды тандадың?
– Бизде, Иранда ырчы болуп көтөрүлүш абдан кыйын. Мага окшогон ырчылар абдан көп, күндө бир жаңы ырчы чыгып турат десе да болот. Алардын арасынан чыга албай да каласың. Кыргызстанда болсо көтөрүлүш оңой, кала берсе менин стилимде ырдагандар жокко эсе экен.

– “Танхам” ырың кайдан жаралып калды эле?
– Кичинекей кезден эле уккан ырларды кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн. Мени менен ырдаган Бибак (рэпер) таанышым болгондуктан, 5 жыл мурун “чогуу ырдабайлыбы?” деп сунуш кылган. Экөөбүз ырдаган ыр минтип хит болуп чыга келди.

– Ырдын мааниси кандай?
– Ырдын мааниси жалгыздык тууралуу. “Мен эми жалгыз калдым...” деп зарлаган жигиттин арманы.

– А бирок клипте ырдаган жигит сен эмессиң го?
– Ошол ыр Иранда хит боло баштаганда мен Кыргызстанга келе бергем. Бул жакта жүргөнүмдө Бибак “клип тарталы” деп калды. Шартка байланыштуу бара албай калгандыктан, ал менин уруксатымсыз эле башка бирөөнү ырдатып клип тартып салыптыр.

– Анан унчукпай кала бердиңби? Атыңды чыгарган ырга башка бирөөнүн жүзү менен клип тартылып жатса...
– Чынында, атам менин ырдаганыма каршы. Кыргызстанга келсем, “буларда ырчыларды өлтүрүп кетет экен” деп (Микаэлден кийин) аябай чочулаган. Ошого байланыштуу унчукпай кала бердим.

– Анда менин ырым деп кантип далилдей аласың?
– Иранда ырдоого уруксат алуу көп маселе жаратат. Андыктан чыныгы атым менен эмес, Рамин Монтазери деген лакап ат менен чыккам. Ал эми паспортто өз атым – Расул Хейр Абади.

– Паспортуңда атың башка, клипте башка жүз болсо, анда чын эле ишенбөөчүлүк жаралат экен...
– Кээде “самозванец” деген сөздөрдү угуп алып аябай капа болом, ырдагым да келбей калат. Ырчымын деп мактангым келбейт. Бирок ирандыктардын ар кандай кечелери болгондо мени чакырып, автограф сурашат...

– Клипте сен болбосоң, жүзүңдү кайдан таанышат?
– Иранда ырчылар бул жактагыдай көп деле клип тартып, концерт коюш керек деп умтулушпайт. Ал ырдаган ырлар, сүрөттөрү интернет барактарына тарап, ошол аркылуу эле таанып калышат.

– Фонограмма менен ырдайсыңбы?
– Мен канча корпоративдик кечелерге, тойлорго барып жатам, баарында жандуу ырдадым. Жадакалса ырдын сөзү жок музыкасын коюшса деле сөзсүз үстүнөн жандуу аткарам.

– Ислам Сатаров менен иштешкениңе канча болду? Ортодо келишим барбы?
– Ооба. Эки жылдык келишим менен иштешебиз, продюсерге 40, мага 60 пайызы калат, түшкөн сумманын. Келип жашап калганыма бир жылдан ашты, ар кандай кечелерге көп чакыра башташты.

– Жаңы клип тартыптырсың “Танхамга”. Эмне үчүн башынан тартпай өзүңчө тартып, анан Бибактыкын мурунку клиптен кыркып кошуп койдуң? Макулдашып чогуу тартсаңар болбойт беле?
– Ырдын автору катары менин да укугум бар. Башында Бибак да менин уруксатымсыз клип тартып, башка ырчыны ырдатып чыгарып салды. Жиним келгени менен, унчуккан эмесмин. Эми ушинтип мен да өз алдымча тартайын деп чечтим.

– Клиптин бул версиясы тууралуу анын маалыматы барбы?
– Жок, анын кабары жок.


«АЛ ЭЛДИ АЛДАП ЖҮРӨТ»

Шоу чөйрөдө “Рамин чыныгы Рамин эмес” деп ишенбей жүргөн ырчы жигиттерге кайрылдык.


Данияр Эрматов, ырчы:
– “Танхам” деген ыр жаңы чыкканда жата калып укчу элем, ошол ыр менен “ооругам” десем болот. Анан эле “Ирандан Рамин келди” десе аябай ишенип, сүйүнүп жүргөн элем. Ойлогом, “Дискотека Авария” сыяктуу бир күнгө келип ырдап, кайра кетип калат деп. Бирок андан бери бир күн эмес, бир жыл өттү, бул ырчы дагы деле Кыргызстандан кетпей жүргөнү чоң күмөн жаратат. Менин далилдерим болбосо да, ал эмес деп ойлойм. Кантип эле Ирандан келип, бир жыл бою башка өлкөдө майда-чүйдө кечелерде ырдап жүрүп алсын, атактуу Рамин аттуу ырчы?




Акбар Сүйүнбаев, ырчы:
– Мен бул жигитти “Танхамды” ырдаган Рамин деп эсептебейм. Бул жөн гана ошол ырчынын атын жамынып жүргөн адам болсо керек. Той, корпоративдик кечелерге да барып жүрөт экен. Бир жолу кечеден кийин таанышып, сүйлөшүп калганбыз. Жүз көрүшүп, баарлашкан соң адамды билип каласың го, ким жана кандай адам экенин. Менде ошондон тартып чоң күмөн жарала баштады, бул жигит тууралуу. Жадакалса көп кечелерде фонограмма менен ырдап жүргөнүн билем. Кийинчерээк өз үнү менен ырдаганын да уктум. Радиодон берилип жаткан "Танхамга" мунун үнү такыр окшошпойт. “Танхамды” ырдаган бул жигит экенине ишенбей турам. Ал жөн гана элди алдап жүрөт. Так далилдерим жок, албетте.




“Танхам” ыры "Тумар" радиосу аркылуу элге тарап, хит болгонуна байланыштуу алардан ыр тууралуу маалымат алдык.
Алексей Сидоров, “Тумар” радиосунун жетекчиси:
– Бул ырды биз интернеттен угуп, жагып калгандыктан коюп баштаганбыз. Жаштардын табитине туура келди окшойт, былтыр жай мезгилинде чыккандан тарта хитке айланды. Раминдин интернеттен сүрөттөрүн көргөнүм эле болбосо, бул жигит менен таанышып, сүйлөшүп көргөн эмесмин.



Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Рамин:"Самозванец" дегиси келгендер дей беришсин, мага баары бир
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
janet
2012-02-20 16:12:50
арабдар алдамчы келет, ишенбегиле!
0
Kyrg
2012-02-20 18:21:10
Супер Инфо сиздер бул чыныгы же чыныгы эмес экенин аныктап билсениздер болмок! Бибак реперди таап сураш керек болчу, чалып же жон гана электрондук почта аркылуу кайрылуу менен!
0
Kyrgyz_jigit
2012-02-20 20:53:33
Интервьюсунда мага эки нерсе шек келтирди:
1) Гугл жөнүндө айтканы бул калп...Иранда Гугл жок.. алар Чыгыштын инте булактанын жаап салышкан..Интернет дагы баардык адамдарда бар эмес...
2) Орусча аябай жакшы сүйлөйт экен.. Ирандан жаңы келген күндө мынчалык деңгээлде сүйлө албайт болчу...Менимче көп эле жылдар бою жүргөн го Кыргызстанда
0
monchok
2012-02-21 12:45:46
Башкаго суйлогондору окшобой жатат бунун Иранга караганда кыргызстанда жакшы бекен эмне? Ишенбей турам элдер?
0
FIANIT
2012-02-21 13:51:36
Баарыбызды мат кылып бул адам Раминдин дал өзү болуп калса кызык эле болот го. Берген интервьюсунда суроолорго өзунө ишенип жооп бериптир, балким айткан сөздөрүндө да чындык бардыр. Ирандын мыйзамдары боюнча талантын өнүктүрүп, чет өлкөлөрдө да атактуу болууга жол жок болсо бул адамга Кыргызстанда ээн эркин жүргөн жакса керек. Убакыт баарын орду ордуна коет деп күтө туралы дост
0
maks100589
2012-02-21 13:59:08
Элди алдап акча таап жүргөн болсо Кыргызстандын жана Ирандын мыйзамынын алдында жооп бериши керек. Кимдир бирөөнүн кадыр баркына шек келтирип, кимдир бирөөнүн атын жамынып ал адамдын атына кара так түшүрүүгө болбойт. Эгер чыныгы Рамин башка болсо, ал адамдын атына шек келип ага да эч ким ишенбей калат да.
0
Tagdyr
2012-02-21 15:14:58
Ой кызык, бул жанагы пакистан, индиядан келип эле окуп жургондордун бири го...
0
Juliana
2012-02-24 01:17:33
Tagdyr, Ataturk Alatoo universitesine jylyna 30-40 student kelip okushat, Afganistandan, Irandan, osholordun ele biri, eldi aldap jurot.
0
aikosha
2012-02-21 21:17:10
мен озун да тааныбайм ырын да уккан эмесмин!!реально самозванец экен!!озунун мамлекетине барып ырдай берсин.
0
Sezy
2012-02-22 04:37:41
Чынбы, калпы муну билиш учун Ирандын посольствосуна кайрылса же Интерполдор изилдеп чыкса эле так маалыматтар чыгатго дейм. Элди алдап акча таап журбосун,
0
elya2404
2012-02-23 03:41:50
Бишкекте мындай ырчы бар экенин деле билпепмин.
0
anonim
2012-02-24 16:09:34
я вообще в шоке певец который поет мою любимую песню живет у нас на родине? да нуу такого не может быть. Ислам как его нашел вот это мне интересно
0
solnyshko
2012-02-25 16:08:33
ким бул озу?
0
aidar__aliev
2012-02-26 02:34:41
танханды ырдайбы панханды ырдайбы озунун мекенине барып ырдасын.ал ырды тушунбой эле музыкасын укканда эмне пайда?!эгерде кайсыл жерде жашаганын билип калсам омурунон ажырайт.танханды ырдайт экен деп эртен дагы бир кыргыздын акчага жетинбей жургон кызы эрге тийип алат.
0
Maratturat78
2013-03-29 21:45:29
ха азыр 21 кылым керек болсо участковый кабинетинен чыкпай туруп тактаса болот ал эми бул корунуктуу адамды тактай албасак уят дагы передача кылыпсынар уккан башка калк биздин службалар жонундо эмне дейт орттодунор го
0
Maratturat78
2013-03-29 22:07:12
Россияда ким экенин тактаганча спецприемникте отурат эле ырдамак тугул
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан