«АТАҢДЫН ЧОКУСУ» ДЕЙБИ?..
Айбек Карымов “Эгиздер тагдыры” тасмасынын экинчи бөлүгүн тартууда.
Куудул Жамбыл Камчиев “Кыргыздын кырк уруусунун тарыхы” аттуу китеп чыгарам деп жүрөт.
Замир Казакбаев ди-джейлик кесибин таштады. Эми жалаң тасма тартып баштамакчы.
Роза Шакирова Арзыбек Бедияровдун “Кыз-келин” деген ырын заманбап стилде ырдап чыгат.
Ырчы Бураш орус тилиндеги “Тагдырыма ыраазымын” аттуу жаңы ырына клип тартты.
Сыймык Бейшекеев, Жамиля Муратова жакында борборубузда берчү жеке концерттерине даярданышууда.
Эрнест Бөрүбаев “Атаңдын чокусу” деген комедия тартып жатканын билдирди.
“БИЗ” ТОБУ жакында 20 жылдык мааракесин белгилешмекчи.
Ырчы Гүлзинат Суранчиева үй-бүлөсү менен Дубайдан эс алып кайтты.
Ырчы Саламат “Platinum” аттуу беш жигиттен турган рок-группа ачты.
Ушул тапта ырчы KG Эльмурат Орусияда гастролдо жүрөт.
Кыргызстанда “Маданият” аттуу адабий-маданий, илимий журнал жарык көрдү.