ЖАШ РЕЖИССЁРЛОР ЖАРЫШЫ

Бүгүнкү күндө кыргыз киносу кадыресе жанданып, элдин агымы кинотеатрды көздөй агылып калды. Бул мезгилден пайдаланып калууну каалаган режиссёрлор четтен чыгат. Ким билет, катар-катар тартылып жаткан кыргыз кинолорунун сапаты жакшырып, балким, өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз кереметтериндей дүйнөлүк кинематографиядан өз ордун табар.
Учурда жаш режиссёрлордун эмгегинен жаралган тасмалар биринен сала экинчиси кинотеатрларда үзгүлтүксүз коюлууда. Мына ушундай фильмдердин катарында жакында эле Сүйүү күнүнө карата бет ачары болгон жаш режиссёр Адилет Акматовдун “Сүйө бил”, Сүйүн Откеевдин “Сокур кемпир” аттуу кыска метраждуу фильмдери бар. Мындан тышкары 8-Март – Айымдардын майрамына карата Руслан Машрапов кара далы кыздын тагдырын баяндаган “Асел” аттуу фильмди даярдап жаткан учуру.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kana1517
2012-02-23 10:31:55
Соссуз турдо аракет кылбаса жаш режиссер деп эле четтетип салган туура эмес,кыргыз киносу ушинтип онугот, менмин деген Голливуддун режиссерлору деле алгачкы жолу биздикинен да начар фильдерди жараткан, Москва деле бир кундо курулган эмес да
0
Dika
2012-02-23 10:42:16
kana1517, туура айтасын. Канчалык коп аракет кылса ошончолук берекет берилет. Эн маанилуусу опыт чогултуу.Келечекте мыкты, мыкты тасмаларды кыргыздын режисерлору тарта алат деп ишенем. Бир гана журок ойуткону шоу бизнестеги актердук билими жок кыздарды тартканы. Андан коро элге таанылбаса дагы актердук билим алган уул кыздарды тартышса демекмин. билими жоктор чыныгы каармандын жашоосунда жашап жатканын окшото алышпайт, калп эле ойсондогону эле. Ишиниздерге ийгилик!!!
0
asiko1
2012-02-25 16:38:46
Ар дайым Кыргыз киносу оз ордун, кадыр баркын жана маанисин жоготпойт. Ак жол сага кыргыз киносу.
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан