4-5-февраль күндөрү адаттагыдай Спорт Ордосуна эл кылкылдай толду. Күлкү күйөрмандарын бул ирет “Тамашоу” Кышкы фестивалы менен кучак жайып тосуп алды.
Эки күнгө созулган оюнда өзгөчөлүк төр болбой койгон жок. “Достук” менен “Жигиттер”, “Ак кеме” менен “Эксклюзив”, “Чез” менен “Nutsтан” командалары биригип оюн көр сөтүшсө, “Жигиттер”, “KG 77”, “Ак-Өргө City” командаларынан чыккан Турсуналы, Зияш, Самат “Без акцента” деген аталышта команда түзүшүп, чала орусча тамаша тартуулашты.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР
1-күн
Мыкты тамаша: “Тамашарики” жана “ЧЕЗ” & “Nutsтан”
Мыкты оюнчу – Бегимай (“Бир туугандар” командасы)
Мыкты команда – “Ак кеме” & “Эксклюзив” (Алматы)
2-күн
Мыкты тамаша – “Без акцента”
Мыкты оюнчу – Кубаныч (“KG 77” командасы)
Мыкты команда – “Моника Беллуччи”
ТАМАШАЛАР
Адам төрөлсө да, өлсө да койлордун шору.
- Кунажын көзүн сүзбөсө, уй деп аталууга укук албайт.
(“Кырк чоро”)
Диетадагы кыздар. Орусияда:
– Не буду я это кушать. Вообще не надо мне...
Өзбек кыздары:
– Ман буну хаммасыны йемейман.
Агар йесам катта боп кетаман. Кейин Сардорга йокмай коламан...
Кыргыз кыздары:
– Жок, жок... Мен такыр өзүмө ишенбей турам,
ушунун баарын мен жеп салдымбы?
(“No name”)
Аскар Акаевдин ыры:
“Ай, шамал, шамал, бузба чачымды...”
(“Алтын сегиз”)
Жаш балдардын сүйүүсү:
– Олеся, мен сени подгузник кийип жүргөнүңдөн бери жактырам.
Сен мен үчүн күндөлүктөгү “экидейсиң”.
– Эмнеге?
– Күндө сени ойлоп кыйналам.
– Сен мен үчүн күндөлүктөгү “беш тейсиң”.
– Эмнеге, кубанасыңбы мага?
– Жок, ата-энеме көрсөткүм келет.
(“Вукинги”)
Электрик чакыруу менен бир кардар кызмат акысын сурап жатат:
– Ушул жумушуңузга канча аласыз?
– Сен ким элең?
– Гүлжигит.
– Фамилияң ким?
– Калыков.
– Аа, сен баягы жеңип келген жигитсиң да, ээ? Канча утуп келдиң эле?
– 30 миң доллар.
– Анда мага 100 доллар бересиң.
– Жөн эле эки нерсени бириктирип койгонго да 100 доллар ала сыңарбы?
– А сен жөн эле ырдап коюп 30 миң доллар аласыңбы?
(“КG 77”)
Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg