Бул эне жарык дүйнөгө наристени алып келип жатканда ошол адам өз өмүрүн кыярын билбесе керек. Жакында Аламүдүн районунда уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш катталды. Бир киши досу экөөлөп эрезеге жеткирген өз апасын, апасына келген курбусун да өлтүрүшүптүр.
АЛГАЧ АПАСЫН, АНАН КУРБУСУН ӨЛТҮРҮШКӨН
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 63 жаштагы Людмила Молодцова 43 жаштагы уулу Николай менен көп жылдан бери чогуу жашачу. Уул сөрөй мурун уурулук боюнча эки жолу темир тор артына отуруп келген. Кээде иштесе, кээде иштебей, “жинди сууга” да жакын экенин айтышат тааныгандар. Арактын айынан биринчи аялы менен ажырашып тынган, экинчиси былтыр күздө каза болуптур. Ал эми жалгыз уулу Николай түрмөдө кезектеги мөөнөтүн өтөп отурган учурда көз жумган.
Февраль айынын алгачкы күндөрүндө Николайга Анатолий деген таанышы келип калат. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей, экөө көлдөн балык кармап жүрүп таанышып, жакын болуп кетишкен экен. Кийин Анатолийдин үйүнө барып жакшылап майрамдашып, анан иштөөнү чечишет. Экөө шаарга келишет да, гезит сатып алышат. “Жумуш берилет” деген жарнамаларга телефон чалышып, жарнак чаптап иштемей болушат. Алган жарнактарды эки-үч көчөгө чаптаганга үлгүрүшкөн. Андан кийин арак алып ичишет да, кызуу абалда Николайдын үйүнө жөнөшөт.
Уулу үйгө дагы мас болуп келгенин көргөн эне аны урушуп кирет. Людмила тубаса дудук аял болгон экен. Ал дудуктардын тилинде колу менен жаңсап урушат. Кашык менен аракеч уулун чаап да жиберет. Апасынын мындай жоругуна жини келген Николай өң-алеттен кетип, тура калып муунтуп кирет. Апасы тыбырап, дем албай калганда гана колун коё берет. Бул учурда конок жөн гана карап отурган. Апасынын жансыз денесин экөөлөп көтөрүп барып үйдүн жер төлөсүнө ташташат. Андан кийин деле эч нерсе болбогонсуп арак ичкенге киришишет.
Бир убакта кемпирдин 45 жаштагы курбусу Юлия келип калат. Ал да дудук эле. Николай апасы жоктугун айтып, аны да арак ичүүгө чакырат. Юлия макул болуп, алар менен чогуу отуруп калат. Мындай "көңүлдүү" отуруш үч күнгө созулат. Бул күндөрү Николай Юлияны бир нече жолу күч колдонуп зордуктаганга үлгүрөт. Үчүнчү күнү отуруш өлүм менен жыйынтыкталат. Анатолий балка менен Юлиянын чекесине эки жолу чаап жиберет. Муунтканга көнүп калган Николай аялды муунтуп кирет. Жаны чыкканда экөөлөп көтөрүп барып Николайдын энесин таштаган жер төлөгө ыргытып жиберишет.
Бир топ күндөн бери Николайдын ичип жүргөнүн, ал эми Людмиланын көрүнбөй калганынан кабатыр болгон коңшулары бул тууралуу милицияга билдиришет. Үйгө келген милиция кызматкерлери жер төлөдөн эки аялдын жансыз денесин табышкан. Алардын бири – 63 жаштагы үй кожойкеси Людмила Молодцова, экинчиси – анын 45 жаштагы курбусу Юлия Оюн болуп чыккан.
Криминалист-эксперттер сөөктөрдү кароодо экөөнүн тең моюнунда тактар бар экенин жана бирөөсүнүн башы жарылганын байкашкан. Бул кылмышка шектелип үй кожойкесинин 43 жаштагы уулу Николай Молодцов, андан көп өтпөй анын 19 жаштагы Анатолий Паленин аттуу таанышы кармалган.
“ӨЛТҮРГӨНДӨН МУРУН ЗОРДУКТАГАН”
Аламүдүн РИИБинин оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн из кубары Сталбек Сейтказиев
төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бизге бул маалымат келип түшөрү менен жөнөп калдык. Айтылган үйдүн эшигин каккыласак, эч ким ачкан жок. Короодон ашып түшүп үйдүн эшигин талкалап кирсек, Николай Молодцов мас абалында отуруптур. Аны сурап баштаганда эле апасы Людмила Молодцованы жана курбусу Юлия Оюнду өлтүргөнүн, аларды үйдүн жер төлөсүнө таштап салганын айтып берди. Ал Юлия Оюнду үч күн кармап, зордуктаганын моюнуна алды. Бул ишти өзү жалгыз кылбаганын да айтып берди.
Маалымат 11-февралда түштү, ал эми бул окуя февраль айынын башында болгон экен. Анатолий Паленинди кылмыш катталган жерден изин суутуп качып кетип, Пригородное айылындагы агасынын үйүндө жашынып жаткан жеринен кармадык. Учурда экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
“ӨЧҮП КАЛЫПМЫН”, ЭЧ НЕРСЕ БИЛБЕЙМ”
Кылмышка шектелип кармалгандар “кылган ишибизге өкүнөбүз” дегендери менен, өңдөрүнөн өкүнүүнүн белгилери байкалбайт. Алардын бири Николай Молодцов “ичкенимди билем, андан ары эмне болгону эсимде жок” дейт.
– Кайсы күндөр экенин так билбейм, февраль айынын баш чендеринде болсо керек эле, Толик экөөбүз көчөдөн арак ичип келгенбиз. Анан апам мени урушуп жатканын билем. “Өчүп калыпмын”, кийинкилери эсимде жок. Буга чейин апам мени “ичип жүрөсүң” деп көп эле жолу урушчу, сабап сыртка кууп чыкчу, бирок эч каяша айткан эмес элем. Бул сапар эмне үчүн минткенимди түшүнбөйм. Толик экөөбүз убактылуу жумуш таап, дагы жакшыраак иш табабыз деп жүргөнбүз. Канча ичкенибизди деле билбейм, аябай көп ичсек керек. Апамды өлтүргөнүмдү билгенден кийин качкан жокмун, "качан мени кармап кетет экен?.." деп күтүп жүрдүм.
“БАЛКА МЕНЕН БАШКА ЧААП ЖИБЕРДИМ”
Ал эми Анатолий Паленин мурда соттолгон эмес. Ал мындай комментарий берди:
– Николай менен балык кармап жүрүп таанышканмын, экөөбүз чогуу балык кармачубуз. Эмгек өргүүсүнө чыгып, түз эле Николайдын үйүнө барып, Прохладное айылындагы үйүмө конокко чакырдым. Үйгө барганда ичимдик ичтик, эс алдык, анан шаарга келдик. Гезиттеги жарнама боюнча жумуш таап, жарнама чаптоочу болуп ишке орноштук. Экөөбүз ичип алып Николайдын үйүнө бардык. Аны жаткырып жатсам, “тишим ооруп жатат, арак алып келип берчи” деди. Сыртка чыгып 100 грамм арак алып келдим.
Николайдын апасы аны колу менен жаңсап урушуп, кашык менен чаап жиберди. Ошондо Николай жинденип, апасын муунтуп өлтүрүп салды. Экөөлөп апасын үйдүн жер төлөсүнө таштап, кайра отуруп арак ичтик. Саат үчтөн өтүп калганда Николайдын апасынын курбусу келип калды, ал да бизге кошулуп арак ичти. Ошентип, Юлия биз менен чогуу үч күн туруп калды, ал күндөрү үчөөбүз арак ичтик. Ал ортодо Николай тигини зордуктап да жүрдү. Үчүнчү күнү ал Николайдын апасын өлтүргөнүбүздү билип калды. Айтып коёт экен деп корктук да, аны да өлтүрдүк. Мен балка менен анын чекесине чаап жибердим эле, Николай муунтту. Аны да экөөлөп жер төлөгө таштап салдык. Кайра ичтик. Анан мен Пригородное айылындагы агамдын үйүнө качып кеттим.
Мына, окурман, “бейиш эненин таманынын алдында” деген сөзгө ынансак, Николай өз бейишин өз колу менен кыйратып жок кылыптыр. “Мындай баланын барынан жогу жакшы” деп коёт кыргызда. Бул сыяктуу көрүнүштөр кайталанбасын, ар бир эненин ак сүтү акталсын деп үмүт кылалы.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
ТААНЫП-БИЛҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕР!
Үстүбүздөгү жылдын 3-январында Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылындагы ГЭС курулушун тазалоочу жерден 55-60 жаштардагы европа түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылган. Үстүндө көк түстөгү блузка, сары түстөгү майка, кара түстөгү колготки болгон. Сүрөттөгү аял тууралуу маалымат билгендер болсо, Аламүдүн РИИБине кабарлап койсоңуздар.
Тел.: (0312) 60-30-02, 0555 25-00-18, 0555 49-11-94