Учурда Ассоль Молдокматова менен мушкер Алмазбек Раимкуловдун ысык мамилеси көпчүлүктүн көңүл чордонунда. “Алмазбек кандайча эки баласын, аялын таштап, Ассоль менен мамиле түзүп кетти?” деп элдин баары айран-таң. Бул суроого “махабат жомогунун” каармандары мындайча жооп беришти. Таң калтырганы, ашыктык отуна кабылган эки жаштын жообун бизге Ассоль айымдын жардамчысы жөнөттү. Ал эми жубайы Динара көз жашын төгүп, капа.
Алмазбек Раимкулов: “АССОЛДУ ЖОЛУКТУРГАН АЛЛАГА ЫРААЗЫМЫН”
– Мен эч нерсени жашырбайм. 19 жашымдан бери Ассолду тымызын сүйүп келем. Азыр экөөбүз жолуктук, эми бизди сүйүү бириктирип турат. Бул мамилени жашыргым келбейт. Бир жерге чогуу барып калсак, баары бир билинмек да. Ассоль – мен сыяктуу максаттарына жеткен, кыйынчылыктарды жеңген адам. Акылдуу жана татыктуу инсан. Биздин өлкөнүн атын эл аралык деңгээлде көтөрүп жүрөт. Мен аны ошол үчүн сыйлайм. Мындан тышкары ал мага дем-күч, өзүмө ишеним берип турат. Аны жолуктурганыма кубанам жана ал үчүн Аллага ыраазымын.
Аялым Динара менен ажырашканыма бир жарым жыл болгон. Динара бул жактагы 70 жаштагы америкалык чалдарга алданып, “турмушка чыгам” деп жүрө бергенинен өзүм суранып жатып машина, акчасын колуна берип, аны Кыргызстанга жөнөткөм.
Ассоль Молдокматова: “АЛМАЗДЫН ЖАНЫНДА ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗЕМ”
– Бакыт – маанайыңды чөктүрбөөнү билүү жана башкалардын да маанайынын чөкпөөсүнө жардам берүү. Алмаз экөөбүздү анын тууганы тааныштырган. Мурда көбүнчө интернеттен эле сүйлөшүп жүрдүк. Эң негизгиси – биз бири-бирибизге чын жүрөктөн мамиле кылып жатканыбыз. Анын жанында өзүмдү бактылуу сезем. Алмаздын да жакшы ата-энеси бар экен. Ата-энеси менен Лос-Анжелестен тааныштырды. Менин көз карашымда, эч кимдин ою биздин жүрөгүбүздүн оюнан бийик боло албайт.
Динара Орозбаева, Алмазбек Раимкуловдун аялы: “АЛАРДЫ УККУМ ДА КЕЛБЕЙТ”
– Алмазбек эмнеге мындай жолго барып, эмне үчүн элди алдап жатканын билбейм. Эмне деп сүйлөсө сүйлөй берсин. “Бир жарым жыл жашабадым” дептир. Баласы жакында эле бирге чыкты. Анан кантип бир жарым жыл болуп кетет? Алмаз экөөбүздүн август айында түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Аны менен акыркы жолу сүйлөшкөндө “Ассоль мага жардам берген жатат” деп айткан. Мен ага көңүл деле бурган эмесмин. Ошондон бери мага телефон чала да элек, чалсам албайт. Интернеттен ар кимге комментарий берип жатат, мен жазсам жооп берген жок. Эркек болсо, кыргыздын чыныгы мырзасы болсо, аялына телефон чалсын же мен чалганда алсын. Мени менен сүйлөшүп туруп, анан журналисттерге жооп бербейби?!
Негизи, Америкага кетем деп даярданып жүргөм. Анан эле экөөнүн сүрөттөрүн көрүп калдым. Мени сүйөм деп айтып жүрчү. Жакшы эле жашап жатканбыз. Анан эле кандай болуп кеткенин түшүнө албай калдым. Эми сүйсө сүйүп калыптыр, мейли. Кайсы эле жигит ала жипти аттабайт? Андай учурлар болот, мейли. Бирок мени жамандап эмне кылат десең? Ассоль менен бактылуу боло берсин. Мага тийишпесинчи. Айткандарын угуп алып шок болуп жатам. Ассолду ушунчалык сүйүп калса мейли, аны деле кечирдим. Ассоль деле эне, ал деле бактысын издеп жаткандыр. Баарын кыргыз эли өзү түшүнөт, өзү таразалап алат. Мен алар тууралуу эч нерсе айткым келбейт, айтпайм дагы.
Азыр жүрөгүм ооруп турат. Элге да көрүнө албай, эч ким менен сүйлөшө албай калдым. Эки балам менен, ишим, акчам жок болсо, мен кантип ыйлабайм? Мени өзүмдүн күйөөм түшүнбөсө, ким түшүнөт? Ассоль менен тең тайлашканга күчүм жетпейт. Мен жөнөкөй эле кыргыздын кызымын. Ассолдун деңгээлине жете элекмин. Негизгиси, балдарым бар. Алар менин бактым, балдарды да ырыскысы менен бергендир. Менин деле жолум бир күнү ачылаттыр. Бакыт каалайм аларга. Ассолу да, Алмазы да мага тийишпесин. Алардын аттарын уккум да келбейт...
Перизат Музуратбекова
star@super.kg