Султан Садыралиев: «МЕНИН ЖАШООМДОГУ АЯЛЗАТЫ...»

Мейли сүйүү тууралуубу, мейли асылзаттар, мейли Ата Мекен темасындагы ырлар болсун, Султан эт жүрөгү эзилип аткарат. Албетте, чын дилден аткарылган ырлар жүрөктөргө жетет. Бул жигит кыялкеч айымдарды сулуу деп эсептейт экен. Сөз учугун Султан өзү уласын.

«ЭНЕМДИН ЖҮРӨГҮН ООРУТКУМ КЕЛБЕЙТ»
– Апам Гүлмария азыр 60 жашта. Бул дүйнөдө эң жакшы көргөн, эч кимге алмашкыс адамым. Апам саанчы болчу. Мен болсо уйдун куйругун кармап жардам берчүмүн. Ал бизди кыйналып чоңойтту. Ошондуктан азыр энемдин жүрөгүн ооруткум келбейт. Апамдын жакшылыкты көргөнүнө ашып кетсе беш жыл болду. Азыр өзүн жакшы карап жүргөн апаларды көргөндө “турмушу жеңил болсо, менин апам деле ушундай болмок” деп ойлоп, жүрөгүм сызыла түшөт. Келинчегим толготуп кыйналып жатканда да “ии, апа, сиз да мени ушинтип кыйналып төрөгөн турбайсызбы” деп боорум ачыды.
Балалык куракта көп тентектик кылчумун. Анда апам мени уруп койчу. Бир жолу мультфильмден жумуртканы чертип эле койсо жөжө чыга бергенин көргөм. Аны туурап, басып жаткан тоокту тургузуп салып, жумурткалардын баарын жарып салган элем. Жөжө чыкпай коюп капа болгонум аз келгенсип, апам көрүп алып кубалап, чыбык менен сабаганы эсимде. “Экинчи антпейм” деп ыйлагам ошондо.

«МЕН ПОСЛЕДНИЙ ПАТРОНМУН»
– 5 бир тууганмын. 3 эжем, байкем бар. Кичүү бала болгондуктан, апам тамашалап, “последний патронум” деп калат. Эжелерим турмушка чыгышкан, бала-чакалуу.
Улуу эжелерим – Жаксыгүл, Таттыгүл. Аларды сыйлайм, бирок алар менен сыр чечишип сүйлөшө албайм. Үчүнчү эжем Бурул менен жакыныраакмын. Бирок баары бир эң жакшы сырдашым – апам. Эжелеримдин да жинине тийчүмүн кичинемде. Алар үйдү таптаза кылып жыйнашат, мен кир бутум менен үйгө кирип кетчүмүн. Алар кыйкырып эле калышчу.

«ҮЙЛӨНДҮҢБҮ, БАЙЛАНДЫМ ДЕЙ БЕР»
“Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?” деген сөздө чындык бар. Кыз кезинде билбейсиң, кандай экенин. Дайыма созулуп, алып бергениңди жеп, сенин айтканыңды угат. Үйлөнгөндөн кийин эле эртеси күнү үйдөн чыгып баратсаң, “эй, каякка?” дейт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мындай маселе ар бир эркектин башында бар. Кыздар өзүмдүк кылганды жакшы көрүшөт. Муну өзгөртө албайбыз.
Аялзатына кол көтөрбөйм. Бирок бир жолу көтөргөм. Бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн кез. Кой десем болбой, тилин тартпай туруп алганда чыдабай чаап жибергем.

«КЫЗГАНЫЧТАН КАЗАН-АЯК КАГЫШАТ»
– Келинчегимдин көп мүнөзү жагат. Бирок кээде чагылгандай чарт-чурт болуп кеткенде жакпай кетет. Асел менен бир мектепте окуганбыз. Кайненем ошол мектепте физика сабагынан мугалим эле. Бир күнү Аселге тийишип, бетинен өөп, кучактап койсом, ал апасына айтып, апасы мени урушуп, “эй, Садыралиев, менин кызыма жолобой жүр!” деген эле. Ошондо “баары бир Аселди алам” деп максат койгом. Келинчегим мага эмнеси менен жакканын түшүндүрүп бере албайм. Турган турпаты жагат, сөзү жагат, өзү жагат, көзү жагат. Үйдө, албетте, казан-аяк кагышат. Бизде көбүнчө кызганычтан болот.

«КАЙНЕНЕМ ЫНТЫМАКТЫ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛАТ»
– Кайненем жакшы адам. Мугалимдер жан дүйнөсү бай адамдар болушат. Балдарды окутуп жүрүп психолог да болуп калышат. Кайненем камкор, ынтымакты сактоого аракет жасайт. Мен жалгыз күйөө бала болгондуктан, “кайталангыс күйөө бала” дешип, эркелетип жакшы көрүшөт. Камыр тамакты айран менен жегенди жакшы көргөнүмдү билип, апам мен барарда айранын таап, тамагын даярдап турат.

«СҮЙҮҮ БАЛАҢА ӨТӨТ ЭКЕН»
– Аялзаты, биринчиден, келбети менен сулуу болот. Тарсылдаган кыздарды сулуу деп эсептей албайм. Түшүнүктүү, жан дүйнөсү бай, кыялкеч, жөнөкөй аялдарды сулуу деп билем. Асел азыр канчалык кыялкеч экенин билбейм. Азыр анын кандай адам экенин толук аңдап түшүнүп бүтө элекмин. Мурда сүйүү бар экенине ишенчүмүн. Экөө бири-бирин катуу жакшы көрүп, дайыма кучакташып, такыр урушпай, эзилишип жүрө бергенди сүйүү деп элестетчүмүн. Сүйүп жүрүп кийин ичип кетип, селсаяк болуп калса, экинчиси да ошонун жанына барып жашап алса, ошол сүйүү деп билчүмүн. Адамдарды көрүп, турмушту түшүнгөндөн кийин жумушуна, жетишкендигине карап мамиле кылып, бир аз кыйынчылыкта калсаң, кыр көрсөтүп калган аялдар бар экенин билдим. Келинчегим менен деле сүйлөшүп жүргөн кезде сүйүшүп-күйүшүп отура беребиз деп ойлочумун. Жок, балалуу болгондо сүйүү балаңа өтөт экен.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Султан Садыралиев: "Менин жашоомдогу аялзат..."
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Anisaydan
2012-03-06 03:38:01
Ийгилик жонокой бала...
0
nargizka.kg
2012-03-06 12:54:06
Уйбулолук бакыт,чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
Бактылуу болунуздар!
0
aimas
2012-03-06 15:14:29
Sultan - azamatsyng. Jashoonun chyndygyn aitypsyng.
0
Peri91
2012-03-06 15:45:50
модолееецко =)), искусственно эмес, чын омурдо кандай болсо ошондой суйлоптур. Уй булоно бакыт =))
0
Elya011090
2012-03-07 03:54:44
жакшы суйлоптур ийгилик чыгармачылыгына! Бактылуу болгула!!!
0
Shaki
2012-03-07 11:46:19
Sultan-krasava!
0
Pekulik
2012-03-07 15:00:49
мага эн негизгиси, ачык, болгонун болгондой суйлогону жакты.
0
Pekulik
2012-03-07 15:05:24
Бактылуу болгула!!!
0
Buma
2012-03-07 23:31:56
ayabay kyzyktuu maek kuruptur :)
0
ulkana
2012-03-08 13:52:09
ммм кандай гана создор аябай жагымдуу, адам менен аябай жакшы дос боло турган, журогу таза адам экен .Бирок суйуу бар биз суйобуз бизди суйбойт ошондой болуп калышы мумкун кобунчо.. эч качан суйуудон умутун узбо суйууго мен ишенем суйуу бар ар бир адамда озунун журогундо аны бирок сезбей же суйуудон таарынгандар болот
0
kyzia
2012-03-09 11:50:55
красавчик Султан создорун чын журоктон чыккан!Жашоо ушунусу менен кызык да!
0
Lonely
2012-03-09 14:09:40
соз жок, молодец... мен ушундай жонокой жигит деп ырдаганына жараша жигит экен... уй-булоно бакыт алтындай болгон апама узун омур каалайм...
0
madambekova
2012-04-09 00:47:27
ар дайым бар болсун апалар энелер эжелер синдилер султан садыралиев мен сени ото сыйлаймын ар дайым туз айтат
0
nurik.91kg
2012-12-25 01:22:32
Кыргызстандагы эн таланттуу жана эн жонокой ырчы!
0
nagi82
2014-06-04 08:23:51
Ошондо азыр аялыны суйбойт экенсинда э
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан