Камчы Сарыбаевдин уулу Барсбек: «ТАПШЫЙДЫМ СЕНИ КУДАМА, КЫЗЫМ...»

Бул ирет актёр Камчы Сарыбаевдин төрт жашар уулу Барсбек бизге конокко келди. «Уулубуз «опасный», көп сөгүнөт» деген ата-эненин тентек уулу менен баарлашуу кызык болду.

БАРСБЕК ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 2008-жыл, 4-март
Салмагы – 20 килограмм
Жакшы көргөн тамагы – Бешбармак
Үйүнө конок келсе, тентектиги ашып-ташып кетет.

– Чоң жигит, атың менен фамилияңды билесиңби?
– Байсбек Төлөмбеков.

– Сени «Манас» айта алат деди го апаң, айтып берчи...
– Ма-анас, Ма-анас бо-оюптуй (кыйкырып кетип калды).

– Келсең бери, Барсбек, санап берчи бизге...
– Бий, эки, үч, төйт, беш, айты, жети, он тогуз, он беш, жыйыйма.

– Канчадасың?
– Экидемин (үч манжасын көрсөтүп).

– Атаңдан коркосуңбу же апаңданбы? 
– Атаман.

– Атаң каякта иштейт?
– Театыйда.

– Ким болуп иштейт?
– Актёл.

– Сен чоңойгондо ким болосуң?
– Мен да актёл.

– Ырдай аласыңбы?
– Сайы чымчык бойоюн, сайы ташка коноюн. Атам, апам оойуса, өзүм доктуй бойоюн... Асманда жыйдыз, жейде кылгыз... Тапшыйдым сени кудама, кызым... Ата Мекеним!..

– Атаң «Барсбек бутун сындырып алды» деп ыйлап жүрдү го...
– Ох бойгон да бутум, мына (оң бутун көрсөттү, чынында, сол бутун кокустатып алган экен).

– Укол сайдыбы анан?
– Ова, андан койком.

– Таятаңдын аты ким?
– Мийбек Атабеков (көрсө, таятасынын аты Мирбек экен).

– Качан дагы киного тартыласың?
– Эйтең.

Ата-энеси кээде «бомж» келатат» деп уулун коркутушат экен. Мына ошондуктан жаш бала селсаякты ушундай чоң, сүрдүү адам катары элестетет. «Чоңойгондо ким болосуң?» деп сурашса, кээде «актёл», кээде «бомж» деп салмай адаты бар экенин угуп, «кантсе да актёрдун баласы да» деп күлүп алдык.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
workaholic
2012-03-05 10:24:57
иий укмуш ширин бала го.
Өмүрүн берсин, Ден соолукта болуп чоңое берсин!
Кайсы бир киного тартылган беле? Интервьюда "Дагы качан киного тартыласын деген жери бар экен го"???....
0
nazgul8076
2012-03-05 14:54:20
Ата-эненди бакытка болоп, бар бол, кичкинтай!
0
snejinka
2012-03-05 16:14:27
ииий эмнеге видеоверсиясы жок?!!! оллло коргум и уккум келтат
0
Anisaydan
2012-03-06 04:36:22
snejinka, айта корбо мен дагы аябай коргум келди
0
Tokmok
2012-03-06 02:53:39
oooooooo Kamchynyn ele kopiasyken,aman bolsun,baktyluu!!!
0
Anisaydan
2012-03-06 04:34:25
Акылдуу,ыймандуу бала болсун сары жожо
0
nargizka.kg
2012-03-06 13:51:36
Иий мынча ширин бала
0
kanat160677
2012-03-12 08:46:27
Барсбек аман-эсен бол,атанды тартсан жаман болбойсун!!!Жакшы,акыл эстуу балдардан бол!!!
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан