Нурлан Насиптин агасы Русланбек: «АТАМ НУРЛАНДЫ САБАП ЖҮРҮП АККОРДЕОН ҮЙРӨТТҮ»

“Аралаба топ кыздарды, кыздын баркы кетпейби...” деп ырдаган Нурлан Насип учурда популярдуу. Анын бир тууган агасы Русланбек ырчынын бала кезиндеги кежирлигин, кантип ырчылык өнөр менен алектенип калганын айтып берди.

БИР ТУУГАНДАРЫ

Элзада Мусаева – 29 жашта, мугалим.
Русланбек Мусаев – 28 жашта, куруучу.
Нурзада Мусаева – 22 жашта, учурда бош.
Нурлан Насипбек уулу – 21 жашта, ырчы.
Чолпонай Насипбек кызы – 14 жашта, окуучу.

«БЕКТИН «ЧАБАЛЕКЕЙИН» КЫЙКЫРЫП ЫРДАЧУ»
– Биз Токтогул районунун Терек-Суу айылында төрөлүп-өстүк. Атам 56 жашта, кесиби инженер. Апам 54тө, мугалим болуп иштейт. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Нурлан эркек балдардын кичүүсү. Үйдө эки эркек болгондуктан, жумуштун баары экөөбүздүн моюнубузда эле. Биз аны Нуку деп эркелетебиз. Нуку кичинесинен ыйлаак, анан өжөр болчу. Азыр «өжөрлүгүнүн, тырышчаактыгынын артынан ушул деңгээлге жетти» деп айтып калабыз.
Окуучу кезде мектепке жеткиче жолду бойлой эле Бек Борбиевдин «Чабалекей» деген ырын көчөнү жаңыртып созор эле. Ошол ыр угулуп калса, кошуналар «силердин балаңар келатат» деп айтышчу.
Эркелигинде сөз жок, атамдар каякка барбасын сөзсүз ээрчийт. Кээде Нурлан угуп калат деп билгизбей жымсалдап сүйлөшсө да, көз караштан байкап калчу. Андайда заматта эле Нурланды таппай калып, «каякка кетти?» дегиче болбой атамдарды утурлай мектептин жанында күтүп отуруп калчу. Ызы-чууну айтпа. Эжем экөөбүз аны ыйлатып-чаңыртып сүйрөп жөнөйбүз, ал болсо бизге баш бербей эки жакка оонап, тепкиленип, кийимдеринин баарын чаң кылып үйгө алып келгенде да жарым саат токтобой ыйлап, анан басылчу. Аны эжем экөөбүз көп эле сүйрөп келип жүрдүк.

«ИЛИБОЙ» КЫЗДЫ ЧААП АЛАМ» ДЕЧҮ»
– Бир күнү Эдил деген досу менен ойноп жатып урушуп кетиптир, ал чуркап барып атасынын артына жашынып алса, атасын да көзгө илбей аны кубалаптыр. Чоң эле кишинин «кой-ай» дегенине карабай кайра жулкунуп досуна «кол салганын» азыр эскерип, уялтып турам.
Бир жолу өзүнөн улуу балдар менен чүкө ойноп, жеңилип калып чычалап урушуп кетиптир. Тиги бала чоңдугуна салып уруп койгон окшойт, Нурлан аны кууп жетпей футболкасына таштарды чогултуп алып үйгө келет. Бир убакта көчө жактан «тарс» деген үн чыкты. Карасак эле Нурлан тиги баланын дарбазасын таш менен уруп, анын чоң атасынын атын айтып «чык эле чык» деп ыйлап алыптыр. Ошондо анын бул жоругуна боорубуз эзилгенче күлүп, «өзүнүн атынан эле айтпайсыңбы, чоң атасы сага эмне кылды?» деп урушканбыз.
Мындан улам дагы бир окуя эске түшүп кетти. Айылда кой багуу кезеги бизге жетип, Нурланды кезүүгө жиберген болчубуз. Түнү менен сыналгы көрүп чыкканбы, иши кылып уйкусураган боюнча кетип, көлөкө жерге жата калып уктап кетиптир. Кээ бир жем жеген, курсагы ток койлор түштө эле келе берет. Анан туруп эле койлордун санын толуктай албай калат. «Эртең менен келатканда бедеге кирип кетишкен окшойт» деген ой менен болгон койлорду топтоп айдап келет. Койлордун жарымы түштө эле келген. Атам жини келип Нурланга «койлор түштө эле келген, сен эмне кылып жүрөсүң?!» десе, камырабай «ошо, эмнеге азайып калды дейм да» деп жатпайбы. Ошондо атам же күлөрүн билбей, же урушарын билбей эле туруп калган. Атамдын жини келгенде мен ойлогом, Нурлан бирди көрөт го деп. Каяктан, аны көргөндө баарын унутуп калып кайра күлүп жатпайбы.
Тамашакөй, кээ бир жаза ала турган «кылмыштарын» күлкү менен жайгарып, сөздүн күчү менен жеңип кетет. Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө «менин кыздарым көп, «илибой» кызды чаап алам» деп мактанып калганы менен, кыз жандуу эмес болчу.

«АТАМДАГЫ ӨНӨР НУРЛАНГА ӨТТҮ»
– Нурландын ырчылык өнөр менен алышып жатканына 3-4 жыл болуп калды. Мен Орусияда иштеп жүргөндө «ырдап жатат» деп үйдөгүлөр айтышты. Кийин келип сыналгыдан, үналгыдан ырларын угуп ичим жылыды. Ырчылык өнөр Нурланга атамдан өттү десем болот. Атам аккордеондо, комузда, гитарада мыкты ойнойт. Эсимде, Нурланга аккордеон черткенди атам ичке чыбык менен колго чыпылдатып уруп жүрүп үйрөткөн. Нурлан таяк жегенде «болду, үйрөнбөйм, экинчи кармабайм аккордеонду» деп алып эле, кайра кечинде аккордеонун кучактап отуруп калчу. Атам ырчы болсо бул мезгилге чейин далай наамдарды алмак деп ойлойм. Азыр үй-бүлөм менен Токтогул шаарында жашайм. Кошуналарымдын кээ бири жакында эле билишти Нурлан менин иним экенин. Алар сурап калышат, «чындап эле Нурлан сиздин үкөңүзбү, эмнеге окшош эмессиңер? Эмнеге фамилияңар башка?» деген сыяктуу суроолорду берип. Ал эми инимдин атын пайдаланып иш бүтүрүп же бир жазадан кутулган окуялар болгон эмес. Мага караганда улуу эжем менен жакшы сырдашат. Айылга барганда кадимкидей эле мал кайтарып, үйдүн жумуштарын жасайт. Ак көңүл, колунда болсо эч нерсени аябайт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насиптин агасы Русланбек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
baxa_kg
2012-03-05 20:41:14
Бир туугандарын менен ар дайым бирге бол!Чыгармачылык ийгилик сага Нурлан Насип
0
Peri91
2012-03-06 18:50:59
ырлары аябай жагат, чыгармачылык ийгилик
0
LEYLA
2012-03-07 01:34:12
мага да аябай жагат ийгилик каалайм аллахым коштоп журсун....
0
Shaki
2012-03-07 11:45:29
Agasy 'eme" degendi kop aitat eken,kyzyk..
0
toktonazarova
2012-03-22 19:33:59
алга азамат жакшы жигит,жакшы ырдайт,ырлары да уккулуктуу
0
Danita
2012-09-04 06:20:46
Адам болгондон кийин жонокой эле болгон жакшы ,,, кобунон угам , аябай жонокой деп!! Так держать !!! Уважуха
0
Adi020896
2014-03-27 18:17:49
озумдун жердешим да ушундай "жопжонок" жигит. Азаматсыз!
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан