АЛГЫ СӨЗ ОРДУНА
“КӨРКӨМ КЕҢЕШТИН ЖЫТЫН ЖОЛОТПОШ КЕРЕК”
– Совет доорунда ММКга, адабиятка, искусствого цензура бар болчу. Анан Көркөм кеңеш түзүлгөн. Көркөм кеңеш Совет дооруна шек келтирбеген ырларды иргеп, “социалисттик методдун негизги принциптерин бузбоо керек” деп көзөмөлдөп турган. Эгемендик алгандан кийин цензура, Көркөм кеңеш дегендерди дароо жойгонбуз. Эгемендик алганыбызга 20 жыл болду, ал түшүнүк калды. Анан эми эмне болуп жатабыз? Эмне, кайрадан Совет дооруна кайттыкпы?..
Көркөм кеңешти угуп мен таң калдым. Эгерде ырчы жаман ырдап, жаман кийинсе, эл өзү эле жактырбай коёт. Ошон үчүн эч качан мындай чектөөнү кылбаш керек. Бир мисал келтирейин, Бразилияда “Ламбада” деген ыр чыкканда Бразилиянын өкмөтү ал ырга тыюу салган. Ырдай турган жерди жаап, “бул жерден, тиги жерден ырдабайсың” деп тыйышкан. Тыюу салгандан кийин эмне болду? Автору экинчи “Ламбаданы” чыгарды, үчүнчү, төртүнчү “Ламбаданы” чыгарып жиберди. Натыйжада “Ламбада” бүт дүйнөгө тарады. Футбол ойноп таанылган өлкөнү ошондо “Ламбада” ыры дагы бир ирет ааламга таанытты. Канчалаган туристтер ошол ырды ырдагандарды, ошол ырга бийлегендерди көрүү үчүн Бразилияга барып калышты.
“Сахнага жарым жылаңач чыгып ырдаса болбойт” деп жатабыз. Балким, ошол жарым жылаңач кийинген ырчынын экинчи Мадонна же Уитни Хьюстон сыяктуу өнөрү бардыр же болбосо андан келечекте Майкл Жексон чыгаттыр?.. Анан биз ага балта чабышыбыз керекпи? Көркөм кеңештин жытын да келтирбей, түбү менен жок кылыш керек. Бизде базар экономикасы деп коёт. Эл ырчыны өзү тандап алат, өз акчасын коротуп, жактырган, сүйгөн ырчысынын концертине барат. Бул жерде идеология, анан саясатташабыз деп жатышпайбы. Бул болбогон нерсе, болбойт дагы. Көркөм кеңеш бекерден уят болуп, 2-3 айдан кийин өзүнөн-өзү жабылып калат.
“СОВЕТ ДООРУНДАГЫ КООМДУК КЕНЕШ ЖАРЫМ ЖЫЛГА ЖЕТПЕЙ ЖОК БОЛГОН”
– Акаевдин мезгилинде Казат Акматов башында турган ММКларды, адабиятты жөнгө салчу Коомдук кеңеш түзүлгөн. “Гезиттердин баары ээн баш болуп кетти, демократия десе эле жапайы болуп баратат. Демократия деген тартиптүү болот” дешкен. Тартиптүү демократия деген болгон эмес. Анан алар “демократия – дүйнө жүзүндөгү эң ыплас нерсе” деп айткан” деп британиялык саясатчы Черчиллдин сөзүн карманышкан. Бирок анын сөзүнүн аягын айтышкан эмес. Черчилл: “Демократия – эң ыплас нерсе, бирок мындан жакшы нерсени адамзат ойлоп таба элек”,- деген. Көрдүңөрбү, Черчиллди алар макоо кылгысы келген.
Ошондогу Коомдук кеңеш жарым жылга да жеткен жок жоюлду. Кеңешке мен да мүчө элем, бирок өз арызым менен чыгып кеткем. Анда журналист болчумун, бийликти сындасам, “эмне үчүн сен мындай деп жазасың?” дешкен. Коомдук кеңеши жабылып калган соң кийинчерээк Адилет министрлигинин алдына коомдук нраваны көзөмөлдөөчү кеңеш түзүп чыгышты. Гезиттерди “силер неге минтип жазасыңар?” деп бурчка такай башташты. “Криминал” деген гезит ачыла калып, “министрлер үй курдуруп жаткан жерден сөөктөр чыкты” деп жазганы үчүн ошол журналистти Адилет министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке таянып сотко беришпедиби. Жок, ал кеңеш да жабылып калып шерменде болушкан. Ошондуктан Коомдук кеңешпи, Көркөм кеңешпи, түбү бир – цензура.
Совет учурундагы Коомдук кеңеште да кыйынсынышкан, «Эл акындары, укмуштуу кишилер кирди» дешип. Эмне болду, жабылды. Эми Көркөм кеңешке да “Эл артисттери, “Манас” орденин алгандар кирип жатат” дешүүдө. Ошолор айтып жатышат, “биз акылдуубуз, биз чечебиз, кийимдерин алып келип көрсөтүшсүн” деп. Эмнеге алар көпчүлүктүн ой-пикирин чечиши керек? Кандай акмакчылык?!
“МАДОННА ДЕЛЕ МАЙКА-ТУРСИЙЧЕН ЧЫГЫП ЖАТПАЙБЫ”
– Мына, Мадонна деле майка-турсийчен чыгып жатпайбы. Концертине миңдеген киши келип, миллиондогон акча түшүп жатат. Алла Пугачёва кыска кийип чыгат. Маша Распутинаны айтпай эле коёюн, аны сахнанын секс-символу деп сүйүшөт. Орусиядан бирөө чыга калып “булар начар болуп кетишти, Көркөм кеңеш түзүш керек, сахнага чыгарбаш керек” дебей эле. Айтып көрүшсүнчү, эмне болот экен. Албетте, ал ырчынын күйөрмандары ошол айткан уюмдун таш-талканын чыгарат. Бизде деле ошондой болот. Бекеринен элге жек көрүндү болот, бул долбоор, анын уюштуруучулары. Эл жалаң эле Эмгек сиңирген, Эл артисттеринин концертине барат деп ким айтты?
Бир ырчынын костюмдарын көрөт, жакпай калат да, “узун кий” дейт, ырчы “эмнеге узун кием?” дейт. Мына ошондон уруш чыгат, пикир келишпейт. Анда тиги артист чыкпай калабы? Макул, мамлекеттик мекеменин сахнасында концерт өткөргөнгө тыюу салды дейли. Ырчы клубга же жеке менчик театрларда концерт коё берет. КТРКга же мамлекеттик телеканалга чыгарбады дейли, анда азыр жеке менчик телеканалдар бар, андан чыга беришет. Эгер элге ошол ырчы кызык болсо, кайсы жерден болбосун көрүүгө даяр. Ошон үчүн адабият, искусство, эстрадада эркиндик болуш керек. Таптакыр жылаңач чыгып алса, эл таш бараңга алып, өзү иргеп салат, Көркөм кеңешсиз эле.
“ТОКТОГУЛ” СЫЙЛЫГЫН “АРЗЫМАТТАР” АЛЫШУУДА”
–Токтогул менен Арзымат айтышканда бирөө тыюу салды беле? Жок. Калыгул Ормон хандын бетине айткан сөздөрү үчүн тыюу салды беле? Албетте, жок. Көркөм ойду, көркөм сөздү, талантты бирөө тыя албайт. 20 жыл мурунку окуяга кайтып барып, өзүбүздү шерменде кылуудабыз. Эмне үчүн фонограмманы жоёт? Фонограмма деле өзүнчө ыкма. “Майкл Жексон жалаң жандуу ырдаган” деп ким айта алат? Мен Мадоннанын концерттерин көргөм, ошондой чоң залда Мадонна жалаң жандуу үн менен ырдады дейсиңерби? Фонограмма менен ырдап жатып свет өчүп калса ким шылдың болот, албетте, артист өзү.
Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев фонограммасыз ырдай албайбы, ырдайт эле. Бирөөсү комуз, экинчиси кыяк менен ырдап жүрүшпөйбү. Жаштардан Каныкей, Бактыгүл Бадыевага окшогон кыздарыбыз бар, алар фонограмма менен ырдаса ырдай беришсин. Анткени алардын өздөрүнүн аудиториясы бар. Анан буга тыюу салуу деген акмакчылык. Дүйнө жүзүндө болбогон нерсени биз жасап жатабыз. Кайра-кайра Совет доорун кылчактап карап. Ал убакта КПСС деген болгон, азыр эмне, КСДП же “Ата Журт” диктатура болуп жатабы? Жок, андай болбойт. Эч ким эстрадага үстөмдүк кылбаш керек. Бүгүн Көркөм кеңешти киргиздик, эртең цензураны киргизебиз. Тизгин салынган демократия бул – демократия эмес. Муну кулчулук деп коёт. “Ляппай, таксыр” деген заман өткөн, арасында Арзымат ырчылары бар.
Шайлообек Дүйшеевдин жакшы сөзү бар: “Азыр “Токтогул” сыйлыгын “Арзыматтар” алып жатат” деген. Туптуура, эшик ага ырчылар бар. Бирок эстрадага жакын адамдар калыс сөзүн айтыш керек коркпостон.
Гүлнур Сатылганова, Саламат Садыкова сыяктуу уникалдуу ырчыларыбыз бар. Сыймык Бейшекеев деген кандай ырчы. Сыймыктан соң да жаш балдар чыгып жатат, жакшы ырдаган. Чыга беришсин, бирок тиякта бирөө туруп алып “мага бул ырчынын кийими жакпады, ырдабасын” дегенге укугу жок. Кыскасы, ар бир ушундай цензура коррупцияга толук негиз болуп берет.