МИКАЭЛДИН ӨЛҮМҮ КАЙРАДАН ЖАРГА ТАКАЛДЫ

Ырчы, шоумен Микаэлдин киши колдуу болуп көз жумганына 1-апрелде 2 жыл болот. Бирок ырчынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө бүгүнкү күнгө чейин уланып, ким күнөөлүү экени такталбай келет. Ырчынын өлүмүнө шектүү катары кармалып, айыпталган Эркин Турусбеков акталды. Эсиңизде болсо, Эркин ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган эле.
Бул боюнча Эркиндин апасы Нуржамал Рыскулова: “Менин балам бул кылмышты кылбагандыгы аныкталып, акталып, азыр үйдө, иштеп жатат. Милиция кызматкерлери күчкө салып, уруп эле күнөөнү моюнуна алдырып коюшкан. Ошол эле милициялар канча деген күнөөсүз балдарды түрмөгө камап жатышат? Бизди Кудай колдоду. Микаэлдин туугандары болбой эле Эркинди күнөөлөп жатышканын мен түшүнбөй турам”,- дейт. Ал эми Микаэлдин эжеси Аида Аземова: “Мен cоттун чечимине макул эмесмин, кайра арыз менен кайрылганы жатам”,- деп билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Elit
2012-03-19 12:03:09
Окунучтуу, ак ийилет бирок сынбайт ким болсо да жазасын алса экен
0
kg_777
2012-03-19 14:43:43
аябай кайгылуу...бирок, ким куноолуу болсо да оз жазасын тартат, себеби, Кудай таразалап коет...
0
stepboy
2012-03-19 15:38:25
силерди кудай колдобой эле арам акча менен чыгарып алдынар да. озу кыйшык болсо дагы байдын уулу суйлосун деп бекеринен айтпаган. кудай озу корсотот наркы дуйнодо ал акчанар да жардам бере албай.
0
jildiza1992
2012-03-19 20:09:54
stepboy,ким билет ким куноолу экенин,бир гана кудай коруп турат кудай билет.мумкун эркин чын эле куноолу эмес чыгар.ким куноолу болсода кудай жазасын берет.бул жалган жашоодо болбосо да акыр тиги дуйнодо жазасын алышат.
0
janym00
2012-03-20 03:09:18
ииий байкуш десе кандай соонун жигит ээ...ким болсо да жазасын алсын
0
shagzada111
2012-03-23 10:08:29
тууура айтасынар ак ийлет бирок сынбайт.билбейм анан акчанын кучу менен сынып кетпесе
0
meri.s
2012-03-24 19:04:55
Оз колун менен кармабагандан,оз козун менен корбогондон кийин бироону кунолобо.
0
Malyw
2012-03-24 19:43:36
Адам олтурууну бияк жака эле койолу.бироого кату суйлогон эле чон куноо.Жаратканым озу таразалайт.
0
Ritabtanur
2012-03-25 22:56:02
ушундай олтурулор коп болуп жататго,ушуга жогорку жакта отургандар,катуу закон чыгарып койсо деп ойлойм.кичине болсода коркот беле.
0
jamalka-2
2012-03-27 10:28:35
Эмне куноосу учун олтурушту деймда, жаш болсо озунун арабасын озу тартып иштесе.
0
Perika
2012-03-29 10:35:11
jarkyldap kulgon anyn arbagy azr kanday abalda boldu eken???
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан