Актриса же модель болуу ар бир кыздын кыялында болсо керек. Бир, эки, үч, чыйк! Болду, сен жылдызсың! Баары сенден кол тамга сурашат, сулуулугуңа суктанышат, сен жөнүндө сөз кылышат... Тилекке каршы, ошол кыялдардын баары эле чындыкка дал келе бербейт. Актриса, модель болуу үчүн да далай кыйынчылыктан өтүү керек. Мисалы, фотографтардан.
СҮРӨТКӨ ЖЫЛАҢАЧ ТҮШҮП ЖЫЛДЫЗ БОЛО АЛБАЙСЫҢ!
Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек ШИИБинин жетекчисинин интернеттеги кабылдамасына кат келип түшкөн. Ал катта борбордогу моделдик агенттиктердин биринде фотограф болуп иштеген жигит жашы жете элек өспүрүм кыздарды алдап өзүнүн батиринде сүрөткө жылаңач тартып жүргөндүгү жазылган.
Бишкек ШИИБинин кызматкерлери маалымат түшөр замат шектүү фотографтын фотосессия уюштурган батирин тинтүүгө алышкан. Көрсө, кармалган адам мындай ыплас иш менен көптөн бери шугулданып жүргөн экен. Экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгында анын "эмгектери" порнографиялык маанайда экендиги аныкталып, аны менен катар сүрөттөгү кыздардын биринин өздүгү такталган.
Милиция кызматкерлери ал кыздын апасы менен байланышканда чындык билинген. Ал кызын моделдик агенттиктердин биринин фотографы алдап сүрөткө жылаңач тартып, андан соң “сүрөттөрдү интернет барактарына чыгарып, жайылтып жиберем” деп 3000 сом өлчөмүндөгү акча талап кылып жатканын айтып берген. Ошондо гана милиция кызматкерлеринин мажбурлоосу менен кыздын апасы Ички иштер бөлүмүнө расмий түрдө арыз жазган. Эгер бул маалымат милиция кызматкерлерине жетпегенде бул порнофотограф дагы канча кыздын үстүнөн акча иштейт эле, ким билет...
“КЫЗДЫН АПАСЫ МУРДА ЭЛЕ БИЛГЕН” Бул кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Айгүл Давлетбаевага кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул тууралуу арыз түшкөндө Бишкек ШИИБинин кызматкерлери дарек боюнча барып, фотографтын Чүй көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жайгашкан батирине текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын үйүнөн далил буюм катары көптөгөн компакт-дисктер, ноутбук жана жылаңач кыздардын сүрөттөрү табылган. Далил буюмдар ошол замат экспертизага жөнөтүлүп, ал жактан “сүрөттөр порнографиялык маанайда” деген жыйынтык чыкты.
Кылмышкер 25 жаштагы Егор Дмитриенко (тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн кармалган адамдын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Анын жашы жете элек 13 жаштан 18 жашка чейинки кыздарды "модель кылам" деп сүрөткө жылаңач тартып жүргөндүгү билинип, үстүнөн кылмыш иши козголду. Кыздардын ичинен бирөөсүнүн өздүгү такталып, ага биздин кызматкерлер байланышкан. Ал кыздын апасы бул кылмыш тууралуу мурдатан билсе да элден уялып, окуяны милиция кызматкерлерине билдирбей жүргөн экен. Андан соң гана ал расмий түрдө арыз жазып, фотографтын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) жана 262-беренесинин 1-бөлүмү (порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу) менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалган фотограф соттун чечими менен ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Албетте, кылмышкер өз жазасын алсын дейбиз. Бирок бизди ошол кыздардын өз каалоолору менен сүрөткө жылаңач түшүп беришкендиги, ата-энелердин кыздарынын кайсы агенттикке, кайсы фотосалонго барып сүрөткө түшүп жатканына кызыкпаганы таң калтырды.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg