Баңги “ломка” убагында акча бербей койгон чоң кайненесин өлтүрүп, кайнатасына да кол салып, ал чала жан болуп араң качып кутулган. Бул шумдуктуу окуя Чүй облусунун Панфилов районундагы Чалдыбар айылында катталды.
КАРЫЗ БЕРБЕГЕН КАЙНЕНЕСИН БЫЧАКТАП...
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 13-апрелде милицияга Чалдыбар айылынын тургундары телефон чалышып, айылдагы бир үйдө жардамга чакырган кыйкырык угулгандыгы тууралуу билдиришкен. Окуя болгон жерге айылдык милиция бөлүмчөсүнүн инспекторлору барышканда кан болгон жерди, кийимдерин жууп жаткан жигитти көрүшкөн. Формачан адамдарды көргөн ал кашаадан ашып өтүп, качып кетүүгө аракет кылган. Аны качырбай кармап калган милиционерлер үйгө кирип үрөй учурган көрүнүштү көрүшөт. Үй ичине кан чачырап, бир бөлмөдө канга чыланган кемпирдин денеси жаткан эле. Аш бычак сабына чейин моюнуна сайылган боюнча калыптыр.
Каза болгон улгайган адамдын денесин текшерүү учурунда ага 35 жолу бычак сайылганы аныкталган. Дагы бир бөлмөдөн кансырап, оор абалда жаткан абышка табылып, Панфилов районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын денесине 32 жолу бычак сайылыптыр.
Кармалган адам эч жерде иштебеген, 1980-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, өзбек улутундагы Алишер Абдрахимов болуп чыккан. Ал биринчи эле суракта кылмышын моюнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтып берген. Көрсө, каза болгон кемпир – 1948-жылы туулган Людмила Рудина Алишердин аялынын таенеси экен. Алишер бир нече жылдан бери героин сайынып, чоң кайненесинен буга чейин да акча алып жүрүптүр. Бул сапар да Бишкектен телефон чалып, андан карызга акча сураган. Бере турганын укканда учуп-күйүп Чалдыбар айылына жетип барыптыр. Алишер баргандан кийин кемпир эмнегедир акча бербей койгон. Бул баңгини акылдан алдырып, колу бычакка жабышыптыр.
Пенсионерди короодо эле бычактап жатканда кыйкырыкты уккан үй ээси сыртка чуркап чыккан. Чакырылбаган конокко каршылык көрсөтүп, кемпирине жардам бермекчи болгон 1947-жылы туулган Анатолий Ничаев да бир нече ирет бычак жеп бир бөлмөгө качып кирип, ичинен бекитип алууга жетишкен.
“ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРГӨН”Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын эч жерде иштебеген тургуну, 1980-жылы туулган Алишер Абдрахимов кармалды. Ал кан болгон кийимдерин, колдорун жууп, кылмыш издерин жок кылууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Алишердин бир нече жылдан бери баңгизат (героин) колдонуп жүргөнү билинди. Кылган кылмышын моюнуна алды. Анын үстүнөн Панфилов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык, дактилоскопиялык жана башка экспертизалар дайындалган. Учурда кылмышка шектелип кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.