АЯЛЫ КҮЙӨӨСҮН МУУЗДАП...
27-апрелде болжол менен саат 18:40тарда Токмок шаарындагы 8-Март көчөсүндөгү үйдөн 47 жаштагы Ш.Внын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. Ал бычак менен кекиртегинен мууздалган экен. Бул факт боюнча Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Аталган оор кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын жарандык никедеги аялы, 43 жаштагы С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалыматтарга караганда, кылмыш үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам болгон. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
ПАРА АЛГАН ПРОРЕКТОР КАРМАЛДЫ
Бул тууралуу 28-апрелде ИИМдин маалымат кызматы билдирди. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин проректору студенттен кайра окууга киргизүү үчүн пара талап кылып жатканын аныкташкан. Бул кызматын проректор 10 миң сомго баалаган. Аталган суммадагы акчаны алып жаткан жеринен проректор колго түшүрүлгөн. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы иликтөөдө. Бирок маалыматтарга караганда, аталган проректор кызматтан четтетилбептир.
КЫЗЫНДАЙ БОЛГОН КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП...
27-февралда милицияга Жайыл районунун Петропавловка айылынын 19 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну аталган айылдын көчөлөрүнүн биринде азиат түспөлүндөгү белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын айтып кайрылган. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип Новониколаевка айылынын 55 жаштагы тургуну Б.Э. кармалды. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
КАЗАК ЖАРАНДАРЫ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КОЛГО ТҮШҮШТҮ
ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз айланышына каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Орусияга баңгизат ташып жүргөн канал тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө учурунда баңгизат ташып жүргөн адамдар аныкталган. 26-апрелде Бишкек шаарында атайын операция учурунда милиция кызматкерлери 35-37 жаштардагы Казакстандын эки жаранын кылтакка илишкен. Аларга тиешелүү автоунааны текшерүүдө салондун ичинен
9 килограмм 950 грамм гашиш, 3 килограмм 255 грамм героин табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренеси (контрабанда) жана 247-беренеси (сатып өткөрүү максатында баңги каражаттарын же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.