Ош
Ош ИИБинин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Батыш кичирайонунун «смотрящийи» кармалды. 26-апрелде Ош шаарынын Шейит-Дөбө көчөсүндө милиция кызматкерлери мамлекеттик номери жок ак түстөгү Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунааны байкашкан. Автоунаа шаардын Токтогул эс алуу багына жакын жерде токтотулганда андан 3 белгисиз жаран чыгып бакты аралап качып кеткенге аракет кылышкан. Алардын бири колго түшүрүлүп, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда эки жолу соттолгон Татарин каймана аттуу Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эльдар болуп чыккан. Анын жанынан РГД-5 гранатасы табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.