УУРУНУН АРТЫ КУУШ

Өткөн жылдын 23-ноябрында милицияга Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы М.Д. аттуу тургунунан арыз түшкөн. Саргоо жайытынан ал адамдын 16 жыл кысын белгисиз адамдар уурдап кетишкен экен. Зыян 960 миң сомду түзгөн. Чүй ОИИБинин жана Панфилов РИИБинин кызматкерлери тара бынан бул кылмышка шектүүлөр аныкталып, уурулукка шектелип Новониколаевка айылынын 22 жаштагы тургуну О.М., Жайылма айылынын 39 жаштагы тургуну Ж.С. жана Кайыңды айылынын 23 жаштагы тургуну К.М. колго түшүрүлгөн. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары 26-апрелде Москва районунун Сретенка айы лынын тургунунун бээсин бел гисиз адамдар жайыттан уурдап кетишкен. Иликтөө иштеринин натыйжасында Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип ушул эле айылдын 17 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baizakk11
2012-05-09 05:04:18
akmak eken go uurrdap
0
antivir
2012-05-11 18:56:10
жыл кысын, бел гисиз дептирго?
0
№ 496, 4-май-10-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан