Бала – бизде бар нерселердин эң кымбаты. Үй-бүлөдө наристе жарык дүйнөгө келгенден баштап эле ата-эне баласына күн-түн дебей кам көрүп, бардык коркунучтардан коргоп келет. Андыктан акыркы убактарда жаш балдардын көп жоголуп жатканы коомчулукту кабатыр кылууда. Жакында эле Бишкек шаарындагы Төмөнкү Чүй каналынан колу-буту байланып, оозу скотч менен чапталган баланын сөөгү табылган.
“АРТЫМДА ИЗ КАЛСЫН ДЕП АТЫН ИЗБЕК КОЙГОН ЭЛЕМ”12-апрелде беш жарым жаштагы Избек Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнүн короосунда ойноп жүргөн. Андан кийин эле аны эч ким көргөн эмес, Избек дайынсыз жоголуп кеткен. 15 күндөн кийин гана Избектин денеси колу-буту байланган абалда суудан табылып отурат.
Каза болгон баланын атасы Исманалы Касымалиев “жалгыз уулум эле, артымда из калсын, жаны бек болсун деп атын Избек койгон элем” дейт:
– Кудайдан сурап жүрүп 56 жашымда көргөн балам эле, айрылып калдым. Ошол күнү балам ойноп жүргөн. Саат он экилерде аялым таппай калыптыр. Келип калар деп бир-эки саат күтөт, келбегенден кийин издеп баштаган экен. Мен кечки алтыларда келдим, анан айлана-тегеректин баарын карап, кайрадан издөөгө кириштик. Караңгы кирип кеткенде милицияга кайрылдык. Алар келип сурамжылоо жүргүзүшүп, түнкү экилерге чейин эч натыйжа чыкпады. Алгач Ленин РИИБинин кызматкерлери издөөгө алышкан, алар кичине шалаакылык кылып коюшту. Ошондо эле жакшылап издеп, шаардын башка райондоруна кабар беришсе, тирүү табылып калмак беле дейм. 27-апрелде гана каналдан өлүгү табылып отурат.
Өлүкканадан ичин ачканда, тамак ичпесе керек, ичинде эч нерсе жок экен. Бишкек ШИИБинин кызматкерлери баламды өлтүргөн аялды кармашыптыр, азыр иликтеп жатышат. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Избек курсагы ачып ыйлаган экен, ал аял үнү чыкпасын деп оозун колу менен жаап, муунтуп салыптыр. Уктап калды деп ойлогонбу, баланы ошол күнү кечке көтөрүп жүрүп тилемчилик кылыптыр. Кийин гана өлтүрүп алганын түшүнүп, колу-бутун скотч менен таңып, сууга ыргытып салган экен. Кармалган аял “мен өлтүргөнмүн” деп көрсөтмө бериптир. Эми болсо укук коргоочу уюмдар “милиция кызматкерлери күчтөп моюнуна алдырып коюшкан” деп ызылдашып, үч-төрт жактоочуну алып келип, шектелген аялды чыгарганга аракет кылып жатышат. Ал укук коргоочу “Ош окуясында милиция башчысынын башын алып салган” деп кармалган адамды да чыгарганга аракет кылып жүргөн.
“УШУЛ АЯЛ МЕНИ УУРДАГАН”
Ал эми бала өлтүргөнгө шектелип кармалган аял Избекти уурдагандан беш күн мурун да төрт жарым жаштагы Адинай аттуу кызды уурдап кеткен деп шектелүүдө. Адинайдын бактысы бар экен, үч күндөн кийин аман-эсен табылган. Кармалган аял Адинайды жетелеп алып кайырчылык кылып акча таап жүргөн. Адинай курсагы ачып ыйлай бергенде эптеп кутулайын десе керек, таштап салып кетип калган. Кийин аны кармап келип Адинайга көрсөтүшкөндө ал үч аялдын ичинен өзүн уурдаган аялды ошол замат эле тааныган.
Маалыматтарга караганда, “балдарды уурдаган” деп шектелип кармалган аял мурун да бирөөнүн баласын уурдап, кайырчылык кылган. Бирок баланын ата-энеси наристеси табылганына ыраазы болгонбу, айтор, милицияга арыз жазган эмес. Ошондуктан ал аял мурункусунда камалган эмес экен.
Адинайдын атасы Алмаз Казыбаев:
– 7-апрелде күндүзгү саат эки жарымдарда кызым Адинай короодогу селкинчекте ойноп жаткан жеринен жоголуп кетти. Тегерек-четтин баарын кыдырып, таппай койдук. Кечки саат тогуздарда 102 телефону аркылуу милицияга билдирдим. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келгенден кийин биз да аларга кошулуп эки сутка бою күнү-түнү издедик. Үчүнчү күн дегенде кечки саат алтыларда милиция кызматкерлери кызымды таап беришти. Көрсө, шаардын айнек заводу жакта жашаган бир аял үйүнөн чыкса, менин кызым көчөдө ыйлап жүргөн экен. Кызым ага жоголуп кеткенин айтып түшүндүрүп, ал аял милицияга билдириптир.
Азыр кызымды уурдаган деп шектелип бир аял кармалган. Ал кызымды “балмуздак алып берем” деп кайыр суратыш үчүн уурдап кеткенин айтып, ушул жерге келип, кайсы жерден, кантип уурдаганы тууралуу көрсөтмө берип кетти. Анын аты-жөнүн азырынча мага айтыша элек. Угушума караганда, күйөөсү менен ажырашып, ичип кетиптир. Ал Адинайды үч күн бою ар кайсы жерде ээрчитип жүрүп кайыр сураптыр. Ошол убакыт ичинде алар люктарда, көчөдө жашап, коробкалардын үстүнө жатып жүрүшүптүр. Кызыма үч күн бою тамак да бербептир, үйгө келгенде “курсагым ачты” деп ыйлады. Тамак берсем ошол замат эле кусуп салды, ашказаны көтөрө албай койду окшойт. Анан көкүрөгүнө суук тийип калыптыр, жөтөлүп жүрөт.
Ал эми Адинай менен сүйлөшсөк, коробкада жатканын, кайыр сураганын кайра-кайра кайталап айтып жатты.
“2011-ЖЫЛЫ 822 БАЛА ЖОГОЛГОН”
ИИМдин маалымат кызматынын ага инспектору Эрнис Осмонбаев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча толук маалымат бере албастыгын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:
– Исманалы уулу Избектин жоголгону боюнча 16-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Анын эмне үчүн бул кылмышка барганынын себеби аныкталууда.
2011-жылы 18 жашка чейинки 822 өспүрүм издөөгө алынып, анын 814ү табылган. Ал эми 2012-жылдын биринчи кварталында 225 бала жоголуп, алардын 186сынын кайда экендиги аныкталган. 1997-жылдан бери издөөдө жүргөн 39 бала, анын ичинде 2012-жылдын биринчи кварталында издөөгө алынган 2 баланы издөө иш-чаралары уланууда.
Баланы татыктуу тарбиялоодон сырткары ата-энелерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу, жоголуп кетүүдөн сактоо милдети турат. Ошондуктан ар бир бала, анын ичинде сиздин балаңыз да уурдалып кетпейт деген кепилдик жок экендигин унутпашыңыз керек. Ошондуктан, бала ээрчиткен шектүү адамдарга кош көңүл карабасак.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg