Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Каракол шаарынын 10-класстагы окуучусу Жыпар (каармандын аты өзгөртүлгөн) аттуу кыздын ата-энеси арыз менен кайрылышкан. Арызда окуя төмөнкүдөй сүрөттөлгөн: 13-майдан 14-майга караган түнү болжол менен түнкү саат экилер чамасында Жыпар тааныш жигити менен кичирайондо көчөдө сүйлөшүп отурган болот. Ошол кезде азиат түспөлүндөгү 4 жигит келип, себепсиз эле баланы сабап киришет. Эс-учун жоготуп, кулап калган анын чөнтөгүнөн 600 сом акчасын, уюлдук телефонун алган соң жаш кызды күч менен автоунаага салып жөнөшөт. Ак-Суу районунун Маман айылынын чет жакасына барган соң кызды зордуктап, караңгы талаага жалгыз таштап кете беришкен. Бул факты боюнча Ак-Суу ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө тобу түзүлөт. Июнь айынын баш ченинде аталган кылмышка Азат аттуу баланын тиешеси бар экендиги жөнүндө маалымат түшөт. Ал 13-майдын түнүндө машинасы менен Караколдо жүргөндүгү да маалым болот. Ушундай маалыматтардан улам милиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп Түп районунун Маяк айылынын тургуну, 1983-жылы төрөлгөн А.А. аттуу жигитти колго түшүрүшөт. Суракта ал бул кылмышка 3 досу менен барып, жаш кызды зордукташканын мойнуна алат. Ал эми калган 3 жигит кылмыш кылгандан кийин облустун аймагынан чыгып кетишкени маалым болот.
Учурда качып кеткендерди тузакка илүү боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (97)
Aigesh
2012-06-23 23:40:19
Деги тушунбойм. "Кыздар куноолуу, кечинде эмнеге чыгышат, эмнеге кыска кийинет, эркектерди шайтан басып, кунажын козун сузбосо, озун кармай албай калат" ж.б. деген эркектердин создорун алсыздыктан кргоону деп эсептейм. Силер эмне малсынарбы,козун сузсо эле, жибинерди узо бергендей? Кудай бул нерсени эч кимдин башына салбасын,бир нерсе жасагандан мурун, ошону ойлонуп, ишке ашырыш керек. Силердин жакындарынарды бироо ушинтсе жакшы болмок беле?
+1
Aigesh
2012-06-23 23:52:46
Тундо отурган бул бир окуя экен, а кундуз эле ыйлатып, сыздатып кетип аткан канча акмак бар. Керек болсо, статистика боюнча зордуктоо кобунчосун кундузгу убакта жасалат. Жазасын толук отобой чыгып кетет деп атабыз, бирок баарынар билесинер да, абакта аларды эмне кылышаарын. Мен колдойм, бироонун коз жашын сыздаткан сон, озу дагы ошол абалга тушуп корсун. Мен албетте колдобойм, кыздардын тундо жургонун,бирок тундо отурган кыз, корунгон эркектин менчиги эмес,калашынча калчап, оюндагысын жасагандай
0
Aigesh
2012-06-23 23:58:38
Бул окуя тундо, кочодо жасалыптыр, анда уйуно кирип, уктап жаткан жеринен чыркыратып, зордуктап жаткандарды эмне деп актайсынар?
+1
japarova
2012-06-24 00:56:20
мм менимче кыздын ата-энеси кунолу тундо жигити менен турганына..ал эми балдарга айтып кетерим, кыз кунолуу дегендин ордуна мээни иштетип,жакшылыка онолгонго аракет кылбайсынарбы..эмне болсо эле кыз кунолу дебей,а силечи, силерде эмне мээ жокпу?ушул жерге жазып жаткан балдар..?ооба силер..башка эркектер эркектей журот ойлонуп, а силерден чето сомнение кармап баштадым! демек кыз кунолу болсо, силер да жасар ишти жасап койуп кыз кунолуу деп чыкчуу адамдар экенсинерда ие?
0
landysh
2012-06-24 01:44:52
emne kyzdar jigit menen suilowup koiso ele uwundai jorukka baryw kerekpi ozuloru aran turuwsa kerek da kiwi tonop kyz kordogulary kelip oi degi soz jok bolup kaldy alar ozuloru emneden toroldu eken kudai ozun ele saktai kor
0
miranda
2012-06-24 08:36:31
менин жеке ойум балдардын ата энеси куноолуу ошондой балдарын багып чонойткон, баласы менен иши болбой озунун жумушуна эрте кетип кеч келип баласы эмне жумуш жасап жургонун билишпейтко кее бир ата энелер. кызда куноо жок кыргыздын жигити болуп туруп ушундай ишке барган жигит жигитпи???
0
suluktu
2012-06-24 13:41:40
tunku 2de kochodo balee barby? Al kyzdy men jakshy kyzdardyn kataryna koshpoim. Jakshy kyz 2 de shipshirin uikunun koshtoosu menen esi oop uktap jatkan bolot.
0
ora
2012-06-25 02:44:41
Тун бир маалда кочодо пышырып койюптурбу
0
Flower..
2012-06-25 06:54:37
Деги эле заман эмне болуп баратат.баарыбыздын журогубузго ыйман берсин.
0
meri.s
2012-07-05 01:38:07
эмне эле кызга асылдынар.Ал жашта каяктан билиптир аны зордуктап кетерин.Жанагы келесоолорда зоордуктап анан талаага таштап.Озулорунун деле карындаштары бардыр
0
meri.s
2012-07-05 01:41:28
тунку 2дейсинер анда давайте.Анда давайте тунучундо жургондун баарын зордуктап талаага таштайлы
0
sabr
2012-07-21 23:34:37
таш баранга алуу керек супер срочно
0
Aidaiimka
2012-10-13 15:38:21
сам бог судья...
0
osmonsheraliev
2015-04-07 03:07:54
Ата-энеси кызын тун ортосунда чыгарып койгону кызык экен.Ата-эне анан кыз куноолу.
0
new_hacker
2016-06-15 09:35:00
жаман
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.