Жакында милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун бир нече мүчөсүн колго түшүрүштү. Бул топ «көптөн бери ишкерлерди тоноп жана опузалап акчаларын тартып алып жүргөн» деп шектелүүдө.
«ҮЙҮҢДҮ БЕРБЕСЕҢ ӨЛТҮРӨБҮЗ» ДЕП…
Из кубарлардын айтымы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон.
Өткөн жылдын ноябрь айында сомодой болгон беш жигит жеке ишкерди автоунаага отургузуп тоого алып чыгышат да, коркутуп-үркүтүп, ири суммадагы акча берүүгө мажбур кылышат. Бул окуя ачыкка чыкпашы да мүмкүн эле, себеби жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылган эмес. Бирок маалымат баары бир из кубарларга жетип калат. Кийин тергөөдө билингендей, беш адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеке ишкер Каныбек Тентимишовду (жабырлануучунун аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылы тарапка алып барып коркутушат. Каныбекке курал такап, Бишкек шаарындагы жашап жаткан үйүн аларга каттатып берүүсүн талап кылышат. Каныбек өмүрүнөн жана ден соолугунан ажырап калыштан коркуп, аргасыздан аларга 25 миң доллар берүүгө макул болот.
Бул факт боюнча ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап алып коюу) менен кылмыш иши козголот да, из кубарлар рэкеттердин сары изине түшүшөт. Ошентип, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын из кубарлары бул кылмышка шектелгендердин баарынын аты-жөндөрүн аныкташат. Алар 1984-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда туулган Тахирбек Багишев, 1980-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда туулган Каримбек Кадыркулов, 1984-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган Өткүрбек Тешебаев, 1981-жылы Баткен облусунда туулган Абдижапар Шеров жана 1979-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган Бахтияр Жуманазаров болуп чыгат.
ТӨРТӨӨ КАРМАЛЫП, БИРӨӨ ИЗДӨӨДӨ
Алардын бири Каримбек Кадыркулов 21-апрелде Тажикстандын Ленинабад шаарына учарда Бишкектеги «Манас» аэропортунан кармалат. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда «Байкал» травматикалык тапанчасы октору менен жана Калашников автоматынын октору табылган. Ошол эле күнү из кубарлар СОБРдун кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы үйүнөн Өткүрбек Тешебаевди колго түшүрүшкөн. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда октору менен номери өчүрүлгөн Макаров тапанчасы чыккан. Андан бир күн өткөндөн кийин Бишкек шаарындагы үйлөрүнөн Абдижапар Шеров жана Бахтияр Жуманазаров кармалышат. Тинтүү учурунда булардын үйлөрүнөн да травматикалык тапанчалар октору менен табылган. Кызыгы, кылмышка шектүү катары кармалган Каримбек Кадыркулов «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер катары катталган экен.
Учурда бул топтун кармалган мүчөлөрүнүн үстүнөн тергөө иши аяктап, сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми бул кылмыштуу топтун башчысы, ушундай эле кылмыштары үчүн бир нече ирет соттолгон Тахирбек Багишев издөөдө. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы сүрөттөгү Тахирбек Багишов тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу билдирип коюуну суранат:
(0312) 66-06-83, 0551 91-37-14, 0554 76-03-11.
Тахирбек Багишев коркунучтуу, анын жанында куралы болушу мүмкүн.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg