1 ПОРЦИЯ ЛАГМАН ҮЧҮН ОКУУЧУ КЫЗГА БЫЧАК ШИЛТЕГЕН АКМАК

100 сом үчүн өспүрүм кызга бычак шилтеген адамдын жоругу уккандардын үрөйүн учурду. Бактыга жараша, кыз аман калып, ал эми кылмышка шектүү адам окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

БЫЧАКТАП, КАЧЫП КЕТКЕН
Окуя үстүбүздөгү жылдын 30-майында Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда, 148- 220-маршруттук таксилердин акыркы аялдамасындагы ашканада болгон. Ал ашкананы 3 айдан бери 3 баланын энеси, 49 жаштагы Зейнегүл Жайылова аттуу жалгыз бой айым иштетип келген. Ошол күнү ордуна 14 жаштагы кызы Акакты таштап, өзү азык-түлүк алганы базарга кеткен. Кечки саат 4төрдө 30-35 жаштардагы белгисиз жигит ашканага кирип тамак ичкен. Ичип болгондо тамак акысын сураган окуучу кызды аёосуз сабап, атүгүл бычак да шилтегенге үлгүргөн. Кыйкырып жардам сураган кыздын үнүн угуп ошол жерде иштегендер кирип келишпегенде эмне болот эле, белгисиз...
Ак халатчандар жабырлануучуга “мээси чайкалган жана мээсине кан уюган” деген диагноз коюшкан. Мындан тышкары бычактын мизи кыздын колун жана көзүнүн алдын тилип кеткен.

“ТАМАК АКЫСЫН СУРАСАМ, САБАП БАШТАДЫ”
Окуянын кандай болгонун Акак төкпөй-чачпай айтып берди:
– Бир киши ашканага кирип, 1 порция лагман, 2 жумуртка чайы менен заказ кылды эле, мен ага айткандарын алып келип бердим. Ал тамагын ичип бүтүп сыртка чыгып баратканынан жеген тамагынын акчасын сурадым. 100 сом болгон эле. “Байке, акчасын төлөбөйсүзбү?!” десем, “апаңа берип койдум” деди. “Сиз келгенде апам жок болчу” деп айтсам, “жок, мен апаңа төлөп койдум” деп тышка жөнөдү. Мен артынан кошо чыксам, кайра келип жанагы тамак ичкен ордуна отурду. “Акчасын төлөңүз” десем, столдун үстүндө турган кружкадагы чайды бетиме чачып жиберди да, ордунан тура калып мени бетке, денеме муштагылап кирди. Кыйкырып жардам сурасам, чөнтөгүнөн бычагын алып чыгып мени көздөй шилтегенде колум менен тосуп калдым эле, бычак колумду жана көзүмдүн алдын чийип кетти. Башым айланып жерге отуруп калдым. Тиги киши мени дале уруп жатты. Ошол маалда диспетчер болуп иштеген эже чуркап келип, тигинин колундагы бычакты көрүп ичине кире албай, ары жакта жүргөн айдоочу байкени жардамга чакырды. Айдоочу тигинин колундагы бычакты жулуп алып, менден “эмне болду?” деп сурап, алаксып калышканда мени сабаган киши качып кетиптир. Андан соң милицияга жана “Тез жардамга” телефон чалдык.

“ТЕРГӨӨЧҮ БИР ДА ЖОЛУ БАСЫП КЕЛГЕН ЖОК”
Жабырлануучу кыздын апасы Зейнегүл Жайылова төмөнкүлөрдү кошумчалай кетти:
– 148-маршруттук таксинин айдоочусунун айтымында, кызымды сабаган жигит бул жакка келе жатып да чөнтөгүнөн бычагын алып чыгып, жанынан өтүп бараткан маршрутканын капталын сайгылаган экен. Айдоочу “жинди болгон го?..” деп токтобой айдап кетиптир. Андан кийин биздин ашканага кириптир. Кызым бул окуядан кийин 9 күн ооруканага жатып чыкты. Азыр кичине жакшы.
Ленин РИИБине бул тууралуу арыз менен кайрылганбыз. Ал жигитти кафе тарапта иштегендер, жашагандар таанышат экен, үйүн да көрсөтүп беришти. 1979-жылы Токтогул районунда туулган Темирбек Турдуев деген жигит экен. Үйүнө барсак, туугандары анын көптөн бери үйүнө келе электигин айтышты. Участкалык инспектордун коңшусу болуп чыкты. Окуя болгон күндөн бери бул иш боюнча тергөөчү бир да жолу басып келип териштирген жок. Кылмышкердин өздүгү такталса да, кармалбай жүргөндүгү адамды таң калтырат. Ал мыйзам алдында жооп бериши керек.

“БАЙКАШЫМЧА, МАС ОКШОЙТ”
220-маршруттук таксиде диспетчер болуп эмгектенген Зарина айым бул окуяны мындайча эскерет:
– Ашкананын ичин­де ызы-чуу болуп жатканынан кире калсам, жаш кызды бир жигит сабап, бычак менен коркутуп жатыптыр. Айдоочу балдар бар эле, алардын бирөөсүн чакырсам, ал келип тигинин колунан бычакты жулуп алды. Бирок кармай албай калдык, качып кетти. Менин байкашымча, мас окшойт.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ИЗДӨӨДӨ”
Окуя тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын инспектору Нургүл Нусуповага кайрылсак, буларды айтып берди:
– Бул факт боюнча 30-май күнү арыз түшүп, 1-июнда 234-берене (ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал азыр издөөдө жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучунун жаракат алгандыгы жөнүндө экспертизанын жыйынтыгы жакында чыгат. Ошонун негизинде кылмышка шектүүгө айып тагылат. Андыктан жабырлануучу кыздын апасынан жыйынтыкты чыдап күтүп туруусун өтүнөбүз.
Балким, жабырлануучу тараптын айтканындай, ортодо тааныш-билиштик ойноп жаткан чыгар. А мүмкүн, чындап эле кылмышкер колго түшпөй качып жүргөндүр. Кантсе да кылмышка шектүү кармалып, тиешелүү жазасын алат деп ишене туралы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
1 порция лагман үчүн окуучу кызга бычак шилтеген акмак
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
antivir
2012-06-18 16:05:31
нервти ойноттунар баарыны атып салса!
0
isana
2012-06-19 23:21:52
Мындай акмактарды суракка албай эле атып салыш керек!
0
maksimus
2012-06-21 14:24:32
taanyw biliwtik dep betinerdi tabaktai kylbai myizam juzundo iw alyp bargyla. kichinekei kyz moraldyk da fizikalyk da jaktan korduk korgozuptur. andai kiwlerdi atyw kerek. uwintip ele kaalaganyn jazp juro beriwse mamleket emne bolot anda? oilongula ar kim jazasyn alsyn.
0
ylduska
2012-06-22 13:23:54
Инспектордун туруно караганда кармай деле албайтко?
0
taalaiu68
2012-06-23 12:52:04
Баарын бурмалап кызды кайра кунолойт....
0
2012-06-23 16:05:19
силер кайдан билесинер?! бурмалайт деп озун бывший бывалыйсын го??
0
jennifer90
2012-06-24 10:31:17
жегенин аш болбогур десе, адайларды кармаштан оздору деле коркушот милиция болумуштар!!!!
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан