Үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тартып жаратылыш ресурстарын жана көлдөгү балыктарды коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ысык-Көл облусунун ИИБинин жетекчиси Мырзабек Исмаилов демилге көтөрүп чыккан. Анда экология жана техникалык коопсуздук башкармасы менен биргеликте браконьерлерге каршы рейд жүргүзүүнү уюштурушкан. Бир күндүк рейдде 3 чакырымга жакын балык торчосу жана 2 кыймылдаткычы бар кайык табылган. Жыйынтыгында балык торчосун өрттөшүп, кайыкты тиешелүү мекемеге өткөрүп беришти. ИИБинин кызматкерлеринин белгилөөсү боюнча, браконьерлерге каршы күрөшүү мындан ары көлдүн айланасында гана эмес, бардык экосистемалык аймактарда жүргүзүлөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.