Атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда Кара-Балта шаарында талапка жооп бербеген акциздик маркалар чапталган 9000 бөтөлкө спирт ичимдиктери кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Учурда бул жасалма марка менен чапталган алкоголь ичимдиктеринин кампада эмне максат менен, бир да документсиз сакталып тургандыгынын чоо-жайын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, бул ичимдик бир жеке ишкерге таандык. Рейддин жүрүшүндө аталган товардын баасы 500 миң сомду чапчыганы белгилүү болуп, тийиштүү материалдар менен кошо укук коргоо кызматына жөнөтүлдү. Жакын арада тийиштүү чечим чыгары күтүлүүдө.