“Арак жакшылыкка алып барбайт” деген кеп туура. Анткени “ак молдонун” азабынан бул жолу да кырсык катталды. Каарманыбыздын айткандарын окусаңыз, аргасыздан жакаңызды кармайсыз же жардамга умтулган ашыкча "гумандуулугуна" таң каласыз.
“БЫЧАКТЫ ДЕНЕСИНЕ КИРГИЗЕ УРДУМ”
Үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү Аламүдүн РИИБине Валерий аттуу Кара-Жыгач конушунун тургуну бир тууган агасы Юрийди Роман аттуу жигит бычактап салгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө кызматкерлери ошол замат окуя болгон жерге жетип барышканда Романдын үйүндө эркек канжалап жаткан.Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон адам 1967-жылкы Юрий Рушаков экендиги аныкталган. Ал жүрөгүнө сайылган ашкана бычагынын жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми аны сайган Роман маркум менен чогуу арак ичип отурганын моюнуна алган. Көрсө, маркум кылмышка шектүүнүн мурунку өгөй атасы экен. Кылмышка шектелип кармалган Роман Кукушкин тергөө учурунда суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди:
– Окуя кандайча болду?
– Үйдө отурсам Юра келип калыптыр.
– Кимдин үйүнө?
– Менин. Экөөбүз арак ичтик. Ал мурун апам менен чогуу жашаган эле. Кийин ажырашып кетишкен, бирок биздин мамилебиз ошондой эле болчу.
– Анан?
– Юра кызып калганда ал сайынып өлгүсү келип, бирок өз жанын кыюуга дити барбай жатканын айтты. Мен ашканадан бычак алып чыгып колуна бердим. Юра бычакты көкүрөгүнө такап кармап турду. Анан “өлүүгө жардам бер” деди. Башында каршы болуп жаткам. Экөөбүз уруша кетип, мен макул болдум да, бычакты денесине киргизе урдум. Ошо... Өзү суранды, мен жөн гана ага жардам бердим.
– Кийин эмне кылдың?
– Ошол замат коңшуларга айтып, милицияга телефон чалдык. Анан алар келгиче күтүп отурдум.
“КЫЛМЫШКЕР ТҮРМӨГӨ ОТУРГАН” Бул айтылгандар кылмышка шектүүнүн өзүнүн версиясы же ойдон чыгарылган жомогу болушу мүмкүн. Бизге Роман Кукушкиндин жардамына милиция кызматкерлери кандай баа беришери баарынан кызык болду. Анын жасаган иши чын эле жардамбы же кылмышпы? Деги эле бул кылмыш иши кандай иликтенип жатат? Ушулар жөнүндө билгибиз келип кайрылганыбызда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Нурбек Токтосунов буларды айтты:
– Кылмышка шектүү Роман Кукушкин 1985-жылы туулган Кара-Жыгач конушунун тургуну болуп чыкты. Ал мурда да бир жолу тоноочулук менен түрмөгө отуруп чыккан. Учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлөнүп, тергөө иштери уланууда. Аскат Субанбеков