Белгилүү орус музыкалык каналдарынын бириндеги «Топ-модель по русски» берүүсүнөн Ксения Собчак кеткенден кийин каналдын жетекчилери ордуна дүйнөлүк деңгээлдеги моделдер Наталья Водянова, Ирина Шейк жана Анна Вялицинанын талапкерлигин карап жатышкан. Тараза ташы Ирина Шейктин пайдасына ооп, эми аталган берүүнү модель алпармай болду.