«National Enquirer» журналынын билдирүүсүндө, баңгизатынан көз каранды Маколей акыркы бир жарым жылда тынымсыз героин жана ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонуп келген. Мындай жоругунан улам актёрдун чөйрөсүндө күмөн жаратчу адамдар пайда болуп, анын Манхеттендеги батири баңгилердин уясына айланган. Ошондой эле Калкин баңгизатка айына 6 миң доллар сарптап, дарттан айыгууга кымындай каалоосу жок экенин жазышкан.