АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫНА ЭКИ КҮН БОЛГОН
18-сентябрь күнү эртең мененки 08:45те Бишкек шаарында өзгөчө кылмыш иши катталды.
Алгач окуя жөнүндө айрым массалык маалымат булактарында «Бишкекте бир киши аялы менен анын ойношу саунадан чыгып келе жатканын көрүп, алгач экөөнү, анан өзүн атып өлтүрдү» деген кеп тарады. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы ал маалыматты четке кагып, окуя үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыкканын билдирди. Расмий маалымат боюнча, бул иш мындайча болгон.
Энергетика министрлигинин 47 жаштагы кызматкери Шолпан Дукесова аттуу айым менен Каржы министрлигинде бир бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген 52 жаштагы күйөөсү Дүйшөнбек Бекбаев кандуу кылмыш болордон эки күн мурун мыйзамдуу түрдө ажырашышкан экен. Ошол каргашалуу күнү эртең менен күйөөсү аялы жашаган жатаканага келген да, аялы сыртка чыгар замат 16 калибрлүү мылтык менен аны колго аткан. Жарадар болгон аялы бут кийимин чечип, жылаңаяк үйүн көздөй качып жөнөгөн. Күйөөсү анын артынан тез эле кууп жетип, эки ок чыгарып, анан үчүнчү ок менен башка аткан.
Аялын аткандан кийин ал жакын эле жерде жайгашкан Энергетика министрлигинин имаратына барып, аялынын кесиптеши, тагыраак айтканда, жогоруда аты аталган министрликтин имаратында жайгашкан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси, 57 жаштагы Сагынбек Абылкасымовго иш бөлмөсүндө отурган жеринен ок көзөгөн. Ал ошол жерден жан таслим болгон. Андан кийин ал кайрадан аялын аткан жерге кайтып келип, өзүнүн бетине мылтык такап, ок чыгарган.
«КӨҢҮЛДӨШТӨР» ДЕГЕН СӨЗ – УШАК»
Бул окуянын чоо-жайын жакындан билүү үчүн биз да жөнөп калдык. Алгач Энергетика министрлигинин имаратына барсак, каза болгон адамдын сөөгүн жаңы эле алып кеткенин айтышты. Анын иш бөлмөсүндөгү кандарды жууп жатышкан экен. Заматтын ортосунда болуп өткөн окуядан өзүнө келе албай турган кесиптешин кепке тарттык. Өзүн Валерий деп тааныштырган «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы адиси буларды айтты: – Эртең менен жумушта отурсам, бир киши келип «башкы жетекчиңер кайда?» деп сурады. Мен ага анын эс алууда экенин айтып, иш бөлмөмө кирип кеттим. Тиги бир нерселерди сүйлөнүп ары көздөй басып кеткен. Элес деле алган эмесмин. Аз өтпөй эле Сагынбектин иш бөлмөсүнөн мылтыктын үнү угулду.
– Ал киши мас бекен?
– Жок, соо эле болчу. Бирок кандайдыр кыжырданып, ачуусу келип жаткандай сезилген.
– Ал кишини мурда таанычу белеңиз?
– Ооба, келинчеги ушул имаратта иштечү. Келип-кетип жүрчү.
– Келинчеги менен каза болгон сиздин кесиптешиңиздин ортосунда мамиле бар деп жатышат...
– Азыр ар кандай ушактар чыгып жатат. Экөөнү көңүлдөш деп да айтышууда. Мунун баары болбогон кеп. Сагынбек тиги келин күйөөсү менен ажырашып жатканда сотуна барып, кесиптеши катары келинге күбө болгон экен. Сыягы, күйөөсү ошого кек сактап калган окшойт.
– Кесиптешиңиз кандай адам эле?
– Токтоо, жакшы адам болчу. Бүгүн неберелүү болгонун айтып, маанайы көтөрүңкү жүргөн.
«ЖАТАКАНАДА КЫЗЫ МЕНЕН ЖАШАЧУ»
Анча алыс эмес жердеги Тоо-кен университетинин №1-жатаканасын көздөй бет алдык. Окуя болгон жерде кызыл жаян кан. Маркум Шолпан Дукесованы анда жашагандардын көбү таанышпайт экен. Окуя тууралуу ошол жатакананын жашоочусу, студент Закир Кубан уулу төмөнкүлөрдү айтты: – Сабакта отурганда мылтыктын үнүн уккам. Анан танаписте сыртка чыксак, бир аялды атып кеткенин айтышты. Келсек биздин жатакананын 4-кабатында коңшу жашаган эже өлүп жатыптыр. Жанында бир киши жатат. Сураштырсак, өзүн өзү атып салыптыр. Каза болгон аял биздин жатаканада 31-августтан бери 3-курста окуган кызы менен жашап жаткан.
Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
koom@super.kg