2012-жылдын 11-октябрында Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын 23 жаштагы тургуну Жамгырбек Эшенкулов Ауди-100 үлгүсүндөгү машинасы менен ГАЗ-53 машинасынын алдына кирип кеткен. Кырсык Бакай-Атанын Боо-Терек айылында катталган. Тагыраак айтканда, Жамгырбек алдында бараткан машинаны озуп өтүүгө аракет кылып, каршы тарапта келаткан машинанын алдына кирип кеткен. Ал эми каршылаш машинаны 25 жаштагы Бакыт Кошокбаев башкарып келе жаткан. Кырсыктан улам Ауди-100дүн айдоочусу Жамгырбек Эшенкулов жана анын жанындагы жүргүнчү Орозбек Адашбеков ошол жерден каза болушкан. Дагы бир жүргүнчү Куттубек Жумагулов баш мээси чайкалып, маңдай сөөгү сынып ооруканага жеткирилген.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg