МУРАТ СУТАЛИНОВДУ ЧЫН ЭЛЕ ИЛДЕТ ӨЗГӨРТТҮБҮ?

2006-жылдын 7-ноябры. Бишкектин эски аянтында ошол учурдун президенти Курманбек Бакиевдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өткөн. Ошол кезде Мурат Суталинов КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы эле. Бул кызматка жаңы келген Суталинов митингчилерди тынчытуу үчүн аянтка чыккан. Ал күнү митингде колу менен уятсыз ишарат көрсөтүп, сөгүнгөнү элдин эсинде биротоло калды.

2011-жылдын 14-декабры. Мурат Суталинов Апрель революциясынан кийин дайынсыз жоголуп, ага издөө жарыяланган кез. Бир жарым жыл дайынсыз жүргөн УКМКнын мурунку жетекчиси Апрель окуясы боюнча сот жүрүп жаткан залга келип, ошол жерден камакка алынган. Ошондо эле сырт келбети таанылгыс болуп өзгөргөн болчу. Айрым серепчилер коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси жоопкерчиликтен кутулуунун амалын кылып, күч органдарына өзү келгенин айтышкан.

2012-жылдын 1-октябры. Мурат Суталиновдун операциядан кийинки абалы. Ал олуттуу онкологиялык ооруга кабылып, бир бөйрөгүн алдырганы айтылган. Дарыгерлер анын ден соолугу бир жылга жакын убакыттан кийин толугу менен калыбына келерин билдиришти. Сот Суталиновсуз Апрель окуясы боюнча процессти уланта албасын билдирип, туңгуюкка кептелди. УКМКнын экс-башчысынын абалын көргөн жабырлануучулар макулдук берген соң гана бул адам үй камагына чыгарылып, сот отурумдарына катышып турмай болду.
Суталиновдун аты жаман дартка чалдыкканы кейиштүү, бирок жабыркоочу тарапка, айыптоочуларга, коомчулукка таасир калтыруу үчүн да ушундай кейип кийдиби деген суроо жаралбай койбойт экен.

Самат Баялы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tt8888
2012-10-22 13:30:37
байкуш((взлет и падение деген ушул
0
ainura220888
2012-10-23 15:56:12
Тобо кылдым чал болуп калыптырго.
0
ainura220888
2012-10-23 15:58:52
Может быть двойниги бар болушу мумкун озу башка мамлекетке качып кеткендир. Билбейм ээ Жараткан Аллахым мин мертебе тобо кылдым
0
mina
2012-10-23 17:26:46
оомал-токмол дуйно деген ушул.
0
turidiablo
2012-10-25 09:17:20
кыргыз элине жанагы колун корсоткону учун элдин каргышы тийди
+1
Zamira
2012-10-27 11:36:03
Убагында катуу кутурган,элди көзүнө илбей! Элдин каргышы урду бу кишини. Ошол каргыш түбүнө жетет эми...
0
jyldyz84
2012-12-19 10:57:43
миллиондогон акчандын азыр бир сомуда жардам бере албасына козун жетсе керек
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан