«ТАМАША КЫЛАМ ДЕП...»
– Мен башынан эле эрксиз, өзүн гана ойлогон адаммын. А досум Азамат, тескерисинче, башкалар үчүн жанын да берүүгө даяр, ак көңүл, жайдары жигит болчу. Биз өрүкзарлуу Баткенде өсүп- чоңойдук. Азамат экөөбүз бала кезибизден ынак достордонбуз. Окуучулук мезгилде аябай тамашакөй, тынч тура албаган шок балакай эле. Убакыт өтүп, жогорку окуу жайды аяктап айылга келдим. Бир күнү эртең менен машинам менен жумушка баратып, жолдон Азаматты көрдүм. Ал кайсы бир иштери менен жөө бара жаткан экен. Мен аны көргөндө мурунку кезибиздей тамашалагым келип, машинамды аны көздөй айдадым. Тамашалайын дегеним менен, машина катуу эле сүздү. Азамат артка кайрыла албай машинанын капотуна башы менен тийди.
– Кечир, дос, тамашалайын дегем,- деп атып чыксам, башынан кан жайыла берген экен.
– Дагы эле жаш балалыгың бар экен да...- деди адатынча тамашалап. Азамат экөөбүз кучакташып көрүшүп алып, бир топко сүйлөшүп турдук. Аны жумушуна жеткирип коюп, мен өз жумуштарым менен кеттим. Бул окуя менин эсимден тез эле чыгып кетти.
«МЕНИН КҮНӨӨМДҮ ӨЗҮ МЕНЕН АЛА КЕТТИ»
– Азамат экөөбүз кошуна жашагандыктан, күн сайын жолугуп турчубуз. Досум көпкө жоголуп кеткенинен эмне болду деп үйүнө барсам, ооруп жатыптыр. Ортодон 1 ай өттү, 2 ай өттү, дагы деле айыккан жок. Аяшым мага жалдырап, «ооруканага барууга көндүрчү, такыр укпай жатат» деди.
– Эй, коркок, доктурга баргандан коркуп үйдө жатасыңбы?- дедим адатымча күлүп. «Салам» деди ал да жылмайып. Бирок башын чайкай «барбайм» деп жооп берди. Ошол убакта неге барбай жатканы жөнүндө бир да ойлонбоптурмун. Күн өткөн сайын анын абалы оорлой баштады. Кийин тез-тез эсинен тана турган болуп калды. Ой-боюна койбой ата-энеси ооруканага алып барышканда дарыгер кеч болуп калгандыгын, оорунун өтүшүп кеткендигин айтып, «кырсык болгондон кийин эле кайрылууңар керек болчу…» деген жообун бериптир.
– Эмне кырсык? Кандай кырсык? Алар эч нерсени түшүнүшкөн жок. Ошондо гана Азамат мындан 3 ай мурун аны машина сүзүп кеткендигин айтыптыр. Ошонун айынан мээсине кан куюлуп кеткен экен. Ошондо гана мен бул ишке өзүм күнөөлүү экенимди түшүндүм. Мындан 3 ай мурун мен Азаматты адаттагыдай эле тамашалап коркутам деп унаам менен сүзүп кеткеним, анын машинанын капотуна башы менен тийип, чекеси канаганы көз алдыма тартылды.
«Досум, башың катуу тийди окшойт. Кокустап калбасын, ооруканага баруу керек» деп чыйпылыктасам, «мен жакшы элемин, жумушума жеткирип кой» деген эле. Ким билет, балким, мен сыяктуу эле анчалык маани бербегендир. Же менин жоопкерчиликке тартылып калышымдан коркуп, ооруп жатып да мени ойлогон чыгар. А мен болсо досумдун жакшы экендигине ишенип, кырсыктын таасири жөнүндө ойлонбоптурмун. Ата-энесинин, бир туугандарынын көрсөтпөгөн жери калбады. Биздин эле эмес, коңшу мамлекеттин да дарыгерлерине текшертишти. Бирок аман алып кала алышпады. Бир жылдан кийин Азаматтын кулагы укпай калды, кийинки жылы көрүүдөн да ажырады. Төшөктө 3 жыл көрбөй, укпай жатып каза болду. Анын оорусуна мен күнөөлүү экенимди айтпай ичинен сызып, акыркы күнгө чейин «сени ким сүзгөн?» деген суроонун жообун өзү менен кошо ала кетти.
«БАЛДАРЫ АТАСЫЗ КАЛДЫ»
– Аяш энемдин «ушуну кылган адамды каргышыбыз урсун» деген сөзүн көп укчумун. Ошондо жүрөгүм ооруп, «мен» деп айтып жибере жаздачу элем. Азаматтын артында 7 жаштагы уулу, 5 жаштагы кызы кала берди. Менин тамашамдын айынын 2 бала жетим, 1 аял жесир болуп калганына күнөөлүү экендигимди ойлосом, өзүмдү коёрго жер таппай кетем.
Бул окуядан кийин 17 жыл өттү. Досумдун балдары чоңоюп, бой жетип калышты. Мен ошол күнү каршы болгонуна карабай Азаматты ооруканага алып барбаганыма, ал менин тамашамдын артынан көз жумганына өмүрүм өткөнчө өкүнөм. Дагы деле анын үй-бүлөсүнө барып, күнөөмдү мойнума алып, балдарынан кечирим суроого эрким жетпейт. Ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин аны ким сүзүп кеткендиги мага жана Кудайга маалым. Досумдан кечирим суроого өтө кеч болуп калды, ал эми анын балдарынан кечирим суроого кудуретим жетпей, ушул катты Баткен облусунда жайгашкан аймактык кеңсеңиздерге жибергенге аргасыз болдум.
Абай
Бегайым Тажибай кызы