Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин №7-бөлүмүнүн аймактык инспектору Мадияр Кулматовду белгисиз жигиттер аёосуз сабап кетишкен. Окуядан көп өтпөй эле кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул окуя тууралуу иликтеп көрдүк.
ИЧИНЕН 3 ЛИТР КАН АЛЫНГАН
Катуу токмок жегендиктен, сабалган инспектордун жоон ичегиси 12 сантиметр айрылып, операция жасалып, ичинен 3 литр кан алынган. Учурда Бишкек шаардык №4-ооруканасынын хирургия бөлүмүндө оор абалда жаткан жабырлануучу Мадияр Кулматовдун өз оозунан окуя кандай болгонун уктук:
– Дем алыш күн болчу. Мен көзөмөлдөгөн аймактагы үй комитетинин башчыларынын бири телефон чалып, «биздин үй жакта мастар, селсаяктар жүрөт. Келип, ошолорду кууп жиберчи» деди. Мен барып, бир сыйра үйлөрдүн тегерегин карап, Исанов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен төрт бала арак ичип отурганын көрдүм. Аларга барып, сөздөн сөз чыгып уруша кеттик. Аңгыча бирөөсү артымдан келип башка урганда кулап түштүм. Жерге жыгылганымда ичке тепкилеп жатышкан. Эсим ооп калыптыр. Андан кийинкиси эсимде жок.
«ЖАРАНДЫК КИЙИМЧЕН ЭКЕН»Кылмышка шектелип кармалгандардын бири Алтынбек Абыкешов «мен сабаган эмесмин» дейт:
– Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасында убактылуу иштечүмүн. Ошол күнү инимди да жумушка ала чыккам. Кардар күтүп турсак (ред. эмгек биржасында иштегендерди жумуш берүүчүлөр өздөрү келип алып кетишет), жаныбызга бирөө басып келип «бул жерде эмне турасыңар? Документтериңерди көрсөткүлө?!»- деди. Жарандык кийимчен экен. Жанымда аскердик күбөлүгүм бар болчу, бирок аны көрсөткөндөн мурун алгач тигинин ким экенин билгим келип, «сен кимсиң? Биринчи өзүңдүн документиңди көрсөтпөйсүңбү?» десем эле мени бетке уруп калды. Ачуум келип мен да аны уруп жибердим. Экөөбүз уруша кеттик. Анан ал «мен милицияданмын, сага көрсөтөм» деп ары көздөй кетип баратканда Кылычбек деген биржада чогуу иштеген бала көрүп, чуркап барып аны сабай баштады. Ичке тээп жатканда мен «милиция экен, урба» деп ажыратып калдым. Анан качып кеткем...
Мен такыр ичпейм. Үй-бүлөлүүмүн, улуу кызым үч жарым жашта, андан кийинкиси он айлык, келинчегимдин дагы жети айлык боюнда бар. Туруктуу жумуш жок болгондугуна байланыштуу үй-бүлөмдү багайын деп ошол жерде иштеп жүргөм, мындай болуп кетерин билген эмесмин (маектешим сөзүнүн ушул жерине келгенде мукактанып, көзүнө жаш тегеренип кетти).
«ИЧКЕ «ОТ ДУШИ» ТЕПКЕМ»Ал эми бул кылмышка шектелип кармалгандардын дагы бири Кылычбек Жусупов буларды кошумчалады:
– Биржада турсам, Алтынбек бирөө менен урушуп жаткан экен. Бир жарым литр сыра ичкем. Кызуулугум менен эч нерсе түшүнбөстөн чуркап барып тиги кишини артка тартып чалып жыктым. Анан Алтынбек келип «милиция экен, тийбе» деп ажыратса да болбой тигини ичке «от души» төрт-беш жолу тептим. Кылган күнөөмдү мойнума алам. Апа, мени кечирип коюңуз!
«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»Бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Урмат Ибраев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул маалымат бизге жетер замат кылмышкерлерди издей баштаганбыз. Көп узабай кылмышка шектелип Чүй облусунун Кемин районунда 1985-жылы туулган
Алтынбек Абыкешов жана Нарын облусунун Учкун айылында 1985-жылы туулган Кылычбек Жусупов кармалды. Экөө тең үй-бүлөлүү, мурда соттолушкан эмес. Убактылуу биржада иштешчү экен. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Бир чети аймактык инспекторду сабаган жигиттерге ачууң келет. Алар колу менен жасаганды мойну менен тартышат деңизчи. Бирок бул жерде дагы бир жагдай бар. Милиция кызматкеринин мыйзам боюнча формасы жок болсо да, жанында кызматтык күбөлүгү болушу керек эле. Ошондуктан «мыйзамды кайсы тарап бузган?» деген суроо туулбай койбойт экен.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg