Редакциябыздын Оштогу бөлүмүнө Дилбар Көчкөнова аттуу аял кайрылды. Ал 2010-жылкы Июнь коогалаңында уулун мыкаачылык менен өлтүргөн адамдарга чыгарылган райондук соттун чечимине нааразы экенин билдирди. Көз жашын токтото албай боздогон эненин сөзүн уктук.
ДИЛБАР КӨЧКӨНОВА:«УУЛУМДУН БАШЫН, КОЛУН КЕСИП САЛЫШЫПТЫР»
– Түбүм Токтогулдан болот. 1991-жылы катуу жер титирөө болгондо үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп барганбыз. Балам Алмаз Ошко келип, пескоблок чыгарып иштеп жүргөн. Бир уул, бир кызым эле болгондуктан, өзүмдүн эң кенже сиңдимди багып алгам. Алмаз ошол эжесинин колунда жүрдү.
Коогалаңдуу Ош окуясында балам 16-июнда үйдөн чыгып, дайынсыз болуп кеткен. Издеп таппай милицияга барсак, «каза болгондордун сүрөттөрү бар, денесин жакшы билген адам кирсин» дешти. Кызым менен күйөө балам кирип, уулумду таанып чыгышты. Мыкаачылар уулумдун башын, колун билегинен кесип салышыптыр. Прокуратурага «колу, башы жок болсо да денесин бергиле» десек, «ДНК боюнча жыйынтык чыксын» деп бербей коюшту. Бир күнү кылмыш иликтөөчүлөрдүн бири «Дилбар эже, күнөөлүүлөр аныкталды. «Токтогулдук бирөөнүн жалгыз баласын өлтүргөнбүз» дегендер кармалышты» деди. Балам Маматазиз Бизуруков дегендин үй-бүлөсүнүн колунан өлүптүр. Өлтүргөндөрдүн арасында Маматазиз, анын уулу, жээни жана күйөө баласы бар экен. Уулум аларга «мени коё бергиле, бул урушка тиешем жок, мен токтогулдукмун. Ата-энем карып баратат, аларды багуучу жалгыз эле баламын» деп жалдыраптыр. Болбой эле мончосуна камап, денесине 57 жолу бычак сайып, колу-башын кескилеп, анан алып барып сууга таштап салышыптыр.
Баламды өлтүргөнгө шектелип кармалган ата-бала көрсөтмө бергенде бири-бирин күнөөлөштү. Былтыркы сотто атасы «балам алып келип, күйөө балам экөө өлтүрүштү» десе, баласы «мен ооруканадан келгиче атам өлтүрүп коюптур» деп көрсөтмө берген. Кийинчерээк кылмышкерлердин бири Маматазиз Бизуруковдун кан басымы жогорулап, каза болуп калды. Жалгыз гана анын баласы Махаммаджан Бизуруков камалып, жээни менен күйөө баласы качып кетти.
«МАГА БИР ҮЙ МЕНЕН 1 МИЛЛИОН СОМ СУНУШТАШКАН»
– Ушундай оор кылмышы үчүн Кара-Суу районунун судьясы Назым Матраимов кылмышкерди 7 жылга гана эркинен ажыратты. Анан да СИЗОго отурган бир күнүн үч күнгө эсептеп, 1 жыл 8 ай отургандан кийин чыгарып жиберишти. Баламдын соту болордон бир күн мурун бир аялдын чөнтөк телефонун уурдаган баланы 9 жылга кесип, менин баламды мыкаачылык менен өлтүргөн адамды 7 жылга кести.
Судья менин баламды бир телефончолук да көрбөдү. Судьянын акча алганы анык эле болуп калды. Бизуруковдордун үй-бүлөсү мага бир үй менен
1 миллион сом сунушташкан, «арызыңды кайра ал» деп. Мен албай койгом, ошол акча менен судьянын башын айлантышкан окшойт. Ошондо Бизуруковдор мага сунуштаган 1 миллион сомду алып, кайра Матраимовго берсем, ал мени боздотпой туруп Бизуруковду өмүр бою абакта отура турган кылып өкүм чыгарып бермек экен. Бир жыл сегиз ай абакта отургандан кийин чыгып, Орусияга качып кеткен Махаммаджан кайра келгенинен облустук сотко арыз жаздык. Сот 25-октябрда аяктап, Махаммаджан өмүр бою эркинен ажыратылды. «Баламдын башы табылбаса да денесин бергиле, аны ак кепинге ороп, жаназа окутуп көмөйүн» деп чуркап жүрөм. Сураштырып, баламдын сөөгү №83-убактылуу көмүлүүчү көрүстөндө экенин билдим.
Алмазымдын артында үч жашар Адил аттуу уулу томолой жетим калды. Келиним да төрөттөн каза болгон эле.
Маркум Алмаз Аскаровдун таежеси Жаркынай Жолдошева:
«АППАК КЫЛЫП КИЙИНТИП ЧЫГАРГАМ»– Июнь окуясы башталган күндөн тартып алты күн бою Алмазды эч жакка чыгарбай карап отурдум. Он алтысы туулган күнү эле, эшикке кирип-чыгып, «эже, караңызчы, тынчып эле калды. Баары эле көчөдө жүрөт, бүгүн Ошко Отунбаева да келет экен» дегенинен туулган күнүндө кыйнабайынчы деп өзүм аппак кылып кийинтип үйдөн чыгарган элем. Кечинде келбей койчу адаты жок эле, ошол түнү келбей калды. «Эмне болду экен?» деп түнү менен ойлонуп, эртеси издей баштадым. Издебеген жерибиз калбады, акыры апама айтканга аргасыз болдук. Ооруканалардын, тийиштүү жерлердин баарын карап таппай, милицияга бардык. Алар «эже, кандай белгилерин билесиздер?» деп сурап калышты. Оң колунда «Клот», «Сэр» деген жазуусу бар эле. Ошол жазуулар аркылуу башы, колу жок денеси табылды.
Бул сөздөрдөн кийин Кара-Суу райондук сотунун судьясы Назым Матраимов менен байланыштык.
«ДНК БОЮНЧА АНАЛИЗДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОКТУГУНАН КИШИ ӨЛТҮРҮҮ БЕРЕНЕСИ МЕНЕН СОТТОГОН ЭМЕСМИН»
– Ал иш боюнча өлгөн баланын ДНКсы боюнча экспертизанын жыйынтыгы келбей жаткан. «Ошол балабы же ал эмеспи?» деп арсар болуп калдым. Мен кылмышкерди 7 жылга эркинен ажыраткам. Аны адам өлтүрүү беренеси менен соттой алган жокмун, себеби ДНК боюнча жыйынтык жок эле. Ошондуктан 125-берене (мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу) менен соттолгон. Убакыт өтүп баратканынан аргасыздан Бизуруковго 7 жылга өкүм чыгаргам. ДНК Орусиядан аныкталбай, кийин Кытайдан жакында эле келди деп уктум. Өлгөн бала чын эле ошол эженин баласы экени такталгандан кийин облустук сот күнөөлүүгө өмүр бою абакта отуруу жазасын берди.
Мына, окурман, эки жарым жылдан бери баласынын өлүк же тирүү экенинин дайынын билбей, дагы 13 эне Дилбар ападай боздоп жүрөт. Бул энелердин сөзүн угуп отуруп, бул жүрөктөр дагы канча убакыт сыздайт болду экен деген ойго кептелесиң...
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg