Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта өлкөбүздүн аймагында казинолор да, оюн-зоок залдары да иштерин токтоткон. Бирок бул расмий түрдө гана. Аныгында алдамчылыктын жана бактысыздыктын символу болуп эсептелген оюн бизнеси жана казинолордун көпчүлүгү жашыруун иштеп келүүдө.
БИРӨӨГӨ КИРЕШЕЛҮҮ БИЗНЕС
«Кыргызстандын аймагында оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы 2011-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал эми 2012-жылдын 16-июлунда бул мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага чейин мыйзам бузгандарга айып пул гана чектелип келсе, эми кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот. Көмүскөдөгү казинолорду жана оюн автомат залдарын кармагандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошентсе да кээ бири өздөрүнүн чоң киреше алып келүүчү, бирок оюнчулар үчүн зыяндуу ишмердигин кандай жол менен болсо да улантып келишет.
ИШЕНИМДҮҮ КАРДАРГА ГАНА ЭШИК АЧЫК
6-октябрда Бишкек ШИИБинин Уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине борбор калаабыздагы Рыскулов көчөсүндөгү бир үйдө мыйзамсыз казино иштеп жатканы туурасында маалымат түшкөн. Оперлер ал үйдү байкоого алышат. Сырттан караганда кадимки эки кабаттуу үйлөрдүн бири, бирок бул жерде бир айдан бери кумар оюндары өтүп келген.
Бийик дубал тосмосу үйдүн ичинде эмне болуп жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк бербеген. Ал эми 2-кабатындагы терезелерге сыртка эч кандай жарыктын нурун чыгарбаган калың пардалар илинген. Казинонун кожоюндары ишенимдүү кызматкерлерди жумушка тартышып, ойногонго такай кардарларын гана киргизип турушкан. Үйдүн кире беришине домофон коюлуп, казинонун кызматкерлери камерадан тааныш жүздү көргөндөн кийин гана эшик ачылып, келген адам киргизилчү.
Жетишерлик маалымат чогулгандан кийин кылмыш иши козголуп, операция СОБР кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн. Казинонун кардарларынын бири келип, ага эшик ачылганда далдоодо даяр турган милиция кызматкери эшикти жаппай кармап калганга үлгүргөн. Мини-казиного милиция кызматкерлери кирген учурда 15тей оюнчу, казинонун кожоюну, кассир, 2 дилер жана тейлөөчү кызматкерлери бар экен. Үйдө фишкалары менен 3 оюн столу болгон. Ал эми кассаны текшерүүдө 1700 доллар жана 53 700 сом табылган. Бул үйдөн табылган оюн столдору тартылып алынган.
Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын кызматкери Нургүл Нусупова:– Бул факт боюнча Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 259-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Казино жабылып, анын кожоюну, кассир, администратору Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg