АЙДООЧУ СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ СҮЗҮП, КАЧЫП КЕТКЕН

Жакында эле адамдын жүрөгүн ооруткан кандуу окуя катталды. Жол кырсыгынын кесепетинен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелек кыз алдыдагы жакшы тилектерине жетпей, ата-энесин кайгыга салып, келбес сапарга аттанып кете берди.

«АЙДООЧУ КӨП ӨТПӨЙ КОЛГО ТҮШТҮ»
Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматынын инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ бул кандуу окуя боюнча маалымат берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында түнкү саат 23төр чамасында Чүй облусунун Беловодское айылындагы кан жолдон 14 жаштагы мектеп окуучусу Альбина Байгазиеваны белгисиз бирөө сүзүп, жабырлануучуга жардам бербей кырсык болгон жерден качып кеткен. Жыйынтыгында кыз ошол жерден эле жан берген. Бирок кан коё бербейт эмеспи. Окуя болгон жерде Фольксваген үлгүсүндөгү автоунаанын эмблемасы жана ак түстөгү радиатордун сыныктары түшүп калган. Жергиликтүү милиция кызматкерлеринин айыпкерди табуусуна дал ушул калдыктар жардам берген. Алар кылмыш изи сууй электе ак түстөгү Фольксваген жеңил унаасынын айдоочуларын издей башташкан.
Иш-аракет жыйынтык берип, 25-октябрь күнү Москва районунун Сретенка айылындагы үйлөрдүн биринин гаражынан шектүү Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү жеңил унаа табылган. Унаанын алдыңкы бөлүгү мыйрыйып, терезеси сынып, кандын тактары бар болгон. Ошондон улам милиция кызматкерлери Альбинаны сүзгөн так ушул унаа экенине көздөрү жеткен. Айдоочусу унааны үйүнө бекитип, өзү качып кеткен. Көп өтпөй кылмышка шектүү деп ошол айылдын тургуну, 1972-жылы туулган Талант Тургуналиев кармалып, кылмышын толугу менен мойнуна алды. Бул факт боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

«КЫЗЫМ, ТУРЧУ. ҮЙГӨ КЕТЕЛИЧИ?..»
Кызынан ажырап калган ГҮЛНАЗ МЫРЗАКАНОВА окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жолдошум 4 айга дааватка кеткен эле. Ошол күнү балдарым менен үйдө болчумун. Кичүү кызым ыйлап, аны сооротоюн деп көтөрүп жүргөм. Улуу кызым жакын жердеги кафеде официант болуп жаңыдан иштей баштаган. Жатарда кызым Альбина эшикке чыгып кеткен. Көрсө, эжеси жумуштан келе жатабы деп жол карап чыгыптыр. «Альбина...» деп кыйкырсам жооп бербейт. Анан эшикке чыгайын деп жатсам эле терезе катуу тарсылдады. Чыксам, айылдык бир бала экен. «Жеңе, силердин коңшуңарды машина коюп кетиптир. Сиз тааныйсызбы айтып коюңузчу, милиция күтүп жатат» деди. Чыгып эле «Альбина...» деп мончого барсам жок экен. Анан жолду көздөй чуркадым. Барсам, Альбина жатат... Бир аз мурда эле чачын тарап, өрүп чыккан. Чачы уйпаланып, бетин жакшы көрө алган жокмун. Жакын барып, таанып, кучактап алып «менин кызым бул» деп бакырып ыйлай баштадым. Милиция кызматкерлери андан кийин мени жолотпой коюшту. Бетин да жаптыртышкан жок, кийимин да оңдотушкан жок. Кызым кандай акыбалда жатса, ошондой жата берди. «Тез жардам» келгенче ары-бери басып ыйлай бердим. Анан жолдун жээгинен бут кийимдерин, байпактарын 2-3 метр аралыкта чачылып жаткан жеринен таптым. Аларды чогултуп жатсам, «алган жериңизге кайра коюңуз» деп автомат асынган балдар кайра таштаттырышты.

Эне андан ары сөзүн улай албай, көз жашка муунду. Ал ортодо кайниси Таңат сөзгө аралашты:
– Ошондо көргөндөр айтышты. Жеңем кызын кучактап алып «кызым, турчу. Үйгө кетеличи?..» деп ыйлай бериптир. Катуу чочуп калган окшойт, кайгыга батып, ооруп, жакшы боло албай жатат.

«КҮНӨӨЛҮҮ ЭЛДЕН УЯЛЫП ЖАШАЙ БЕРСИН»
Андан соң Альбинанын атасы КАНАТ МЫРЗАКАНОВ кепти улады:
– Альбина – экинчи кызым. 9-класста окучу. Мектепте жакшы окуп, алдыга койгон жакшы максаттары бар эле. Азыр кызымдын максаттарын эстесем, чыдабай кетип жатам (ушул жерге келгенде ызага буулуккан атанын көзүнө жаш тегеренди). Сүзгөн – ушул айылдын тургуну Талант Тургуналиев ошол убакта мас экен. Жолдун аркы тарабынан бери өтүп келип кызымды сүзгөн да, айланып кайра келе жаткан тарабын көздөй качканда кызымдын кийими илинип калганбы, айтор, 30 метр жерге чейин сүйрөлүптүр. Өлүкканадан кызымдын сөөгүн көрдүм. Жамбашы, колу сынып, башы жарылып, колдору, бети, бардыгы сыйрылыптыр.
Тагдырдын жазганы экен, ушинтип кызыбыздан айрылып калдык. Баарынан капа кылганы – сүзгөн киши жардам бербей качып кеткени болду. Мындайларды адам деп эсептебейм, айбан деп билем. Өткөндө апасы келиптир «балам кыйналып жатат. Алдыңа келип кечирим сурасын» деп. Мен «кечирим сурабай эле койсун! Көчөгө чыкса элден уялып, үйүнө киши келсе дааратканага кире качып, ошентип чоң ааламга батпай, ичинен кыйналып жашап жүрө берсин!» дедим. Аны сотко да берген жокмун. Өзүм эки айылдын имамы болом. Шарият боюнча адамдын жаны чыккан соң денесин бир күнгө жеткирбей жерге бериш керек. Эгер мен сотко берсем, кызымдын денесин союшмак да, үч-төрт күн жатып калмак. Күнөөлүүнү Кудай өзү жазалайт.
Мына, окурман! Адам эмес, малды сүзсөң деле бооруң ооруйт эмеспи. Ал эми мас абалында кызды сүзүп, жардам бергендин ордуна изин жашыргысы келген айдоочуга не дейбиз?

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айдоочу секелек кызды сүзүп, качып кеткен. Кыз каза болуп калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zirek.kyz
2012-11-27 19:00:38
Эн туура айтасыз жараткан жазасын берип,кен аалам тар болуп жашап отсун!Альбинанын жаткан жери жайлуу болсун
0
djonni
2012-11-28 00:35:46
Кудайым сиздерге сабыр берсин ал эми кызыныздын жаткан дети жайлуу болсун
0
110590
2012-11-30 20:46:47
эн жаман эне оз баласынан ажыраган, кудайым озу жазаласын
0
gulia90
2012-12-03 02:21:47
Журогум ооруп кетти, эч качан ата энеден баланы айрыбаса экен.
0
kylych...91kg
2012-12-17 00:13:03
жаткан жери бейиш болсун.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан