ТЕМИР ТУЛПАР УУРУЛАРЫНЫН ИЗИ МЕНЕН...

Кыргызстанда автоунаа уурулугу көптөн бери олуттуу көйгөйгө айланып келүүдө. Ал эми автоунаа уурулугу кылмышкерлер үчүн киреше алып келүүчү бизнес болуп келет.

ҮЙРӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ?..
Бишкек шаарында бир нече автоунаанын уурдалышына шектелип бир туугандар кармалышты. Алар борбор калаабыздан 8 автоунаа жана дагы бир топ дөңгөлөктөрдү уурдагандыктарын мойнуна алышкан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ага-ини 19 жаштагы Евгений жана 18 жаштагы Валентин Кузнецов автоунааларды уурдагандан кийин Чүй облусунун Виноградное айылынын 34 жаштагы тургунуна өткөрүп турушкан. Мурун бир нече ирет соттолгон бул жарандын үйүнөн бир туугандар уурдаган 5 автоунаа табылган. Ал автоунааларды базар баасынан он эсе төмөн баада сатып алып турган. Мисалы, баасы 4 миң доллардан турган 2 машинаны ага-инилер 35 миң сомго гана өткөрүп жиберишкен. Учурда кармалган үчөөнө кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан сырткары 18-ноябрда болжол менен саат таңкы 4төр чамасында Бишкек шаарындагы Л.Толстой көчөсүндөгү үйдүн жанынан Мазда 626 үлгүсүндөгү автоунаа уурдалган. Ошол эле күнү саат 10дор чамасында Ак-Ордо-3 жаңы конушунан бул кылмышка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 1996-жылы Жумгал районунда туулган Милан уулу Ислам жана 1996-жылы Токтогул районунда туулган Турдалиева Нурайым колго түшүрүлгөн. Аларды кармаган учурда жандарынан ар кайсы үлгүдөгү автоунаалардын ачкычтарынын топтому табылган. Алар 3 автоунаа уурдаган фактысы боюнча жана 25 машинадан буюм уурдаган боюнча кылмышын мойнуна алышкан. Экөөнүн дагы ушуга окшош кылмыштарга тийиштиги бар-жоктугу иликтенүүдө.
Бир тууган Кузнецовдор 2010-жылы уурулук боюнча соттолуп, эркиндикке чыгары менен кайра үйрөнгөн адатына киришкен. Ислам да үстүбүздөгү жылдын март айында каракчылык беренеси боюнча соттолуп, Вознесеновка айылындагы 14-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп, 2 айдан кийин эле бошонуп чыккан экен. Ал эми Нурайымдын 15 күн мурун үйүнөн качып кеткендиги аныкталган.

«БИЗДЕ ЭСКИ АВТОУНААЛАР КӨП УУРДАЛАТ»
Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын транспорттук кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы АХМЕД МУХАММЕДАЛИЕВ:
– Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында эле автоунаа уурдоо боюнча 126 факт катталып, анын 90унун бети ачылган. Фактыларды анализдеп көргөндө көпчүлүгү короодон, көчөдөн, автоунаа оңдоочу жайлардан уурдалган. Мазда үлгүсүндөгү машиналар эң көп уурдалат. Мындан кийин Фольксваген жана эски Мерседестер. Бизде көбүнчө эски унаалар уурдалат. Себеби кымбат эмес машиналардын тетиктерине болгон талап күч.


АВТОУНААҢЫЗДЫ УУРДАП КЕТСЕ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Алгач темир тулпарыңызды уурдап кеткендиги тууралуу милицияга билдириңиз. Милиция кызматкерлери келгиче окуя болгон жерден кетпеңиз. Телефон аркылуу нөөмөтчүгө автоунааңыздын үлгүсүн, мамлекеттик номерин, түсүн айтыңыз. Оперативдүү аракеттен көп нерсе көз каранды. МАИ кызматкерлери канчалык тез маалыматка ээ болсо, уурдалган унааңыздын табылышына да мүмкүнчүлүк көбүрөөк.

ЖӨНӨКӨЙ САКТЫК ЧАРАЛАРЫН УНУТПАҢЫЗ:

  • Ачкычты, техпаспортту автоунаага таштабоо зарыл (унаа жуучу жайда, оңдоочу жайда). Темир тулпарын унаа жуучу жайга же оңдоочу жайларга ачкычы менен калтыргандыктан, уурдап кеткен учурлар көп катталган.
  • Автоунааңызды узак убакытка чейин пайдаланбай турган болсоңуз, кайтарылуучу жайларга гана калтырыңыз. Бензинди төгүп, аккумуляторун чыгарып коюңуз.
  • Темир тулпарыңызды уурдап кетүүгө каршы түзүлүштөр (сигнализация, иммобилайзер, пейджер) менен жабдыңыз.
  • Унаа сатып алууда анын уурдалбагандыгын текшертип алыңыз.
  • Сатып алар замат от алдыруучу кулпусун, ачкычын жана сигнализациясын алмаштырыңыз.
  • От алып турган же ачкыч салынган автоунааны эч качан таштабаңыз. Бир мүнөткө май куюучу жайга, банкоматка, дүкөнгө чыксаңыз да өчүрүп, бекитип кеткениңиз оң.
  • Автоунааңызды караңгы бурчтардан алыс, эл көбүрөөк баскан жерге токтотуңуз. Уурулар күбөлөрдү жактырышпайт.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Темир тулпарларга жортуулга чыккандар көбөйүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
fanatka19
2012-11-26 11:32:44
Москвада кочолордо эле токтотуп койушат.эч ким тийбей эле турат.бизде эле кичине эле карабай койсон бутту айрылдын.
0
nuradyl88
2012-11-26 19:31:35
fanatka19,
Бишкекте деле 90-95% машиналар кочодо эле жатат...
0
bekten
2012-11-26 14:20:49
Avto unaa uurulary enkop Moskvada.
0
saltu25
2012-11-26 16:57:39
Эн коп Бишкекте экен, менин машинамдын фарын чечип кетишкен сволочи...
0
ayba1989
2012-11-27 00:47:45
ен коп Москвада. Ошону менен Жан багып журот кебиролор.
0
Гулжигит
2012-11-27 14:00:17
Азыркы бийлик ууруларга эн сонун шарт тузуп берди. Айдоочулук куболук болсо каалаган машинасын айдап кете берет.
-1
Mukay-kg
2012-11-27 20:51:28
Довернист жок, кылды эми. Ууруларга, жол ачылып эле калды да. Жада калса Москвада да, жок болду. Эми гайи кызматкерлер, тоссо праваны корсотот да. Уктатып, коюп кете берет акырын.
-1
nnn
2012-12-01 11:38:14
Даа тиги кыз башы менен уурулук кылганы кантет!
0
Puwkin
2012-12-02 22:27:43
Moskvada menin dos balam mawinasynda baratkanda toktotup sabap, mawinasyn alyp ketip kaliwiptir. sabagandarda kyrgyz. Etiyat bolgula Moskvadagylar
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан