АТАСЫН БАЛТАЛАП ӨЛТҮРГӨН

16-ноябрда түнкү саат 1:40 чамасында милицияга Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, ал жерге алгачкылардан болуп келген оперкызматкер 55-60 жаштардагы адамдын жансыз денесин көргөн. Ошондой эле качып кетүүгө аракет кылган кылмышкерди кармап калганга да үлгүргөн. Оперативдүү тергөө тобу келип, маркумдун өздүгү аныкталып, ал ушул эле үйдүн ээси, 58 жаштагы Ж.Т. болуп чыккан.
Денени кароодо башында көптөгөн кесилген жарааттар бар экени билинген. Ал эми кылмышка шектелип кармалган жигит өлтүрүлгөн адамдын уулу, 1983-жылы туулган Ж.М. болуп чыккан. Маалыматтарга караганда, кылмыш урушуудан улам келип чыккан. Ошол күнү 29 жаштагы Ж.М. туулган күнүн белгилеп, үйүнө мас абалында келген. Атасы уулуна эскертүү бергенде, ал сабап кирген. Токмоктон көчөгө качып чыккан атасын уулу кууп жетип, балта менен чапкылап кирген. Андан кийин башка кийим кийип, көчөгө чыккан уул сөрөй милиция кызматкерине кармалган.
Оперативдүү тергөө тобу тарабынан кылмышка далил буюм – кан болгон балта алынган. Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Danil85
2012-11-26 10:28:15
Айбанда ичкенден кийин кысыш керек
0
xsyfhf
2012-11-26 10:40:55
Эмне деген шумдук баласы атасын олтургон.Бул нерсенин баарына спирттик ичимдиктер себеп болуп жатат .Кыргызстанда да мумкун спирттик ичимдиктерге сатылышына тыйуу салынаар маселеси каралат бекен.Сатылса да оз ченеминде болушу керек.
0
Konilove
2012-11-26 11:54:33
Тобо жаканы кармайсын ушундай окуяларды угуп.Атасын олтургон баланын олум жазасын киргизип олтуруш керек.Бир экоону ошентип коркут кандан кийин ушундаи жаман окуялар болбой калабы ле!
0
sonka89.
2012-11-26 13:15:02
Жинди сууду ичип жинди болгон.Эч качан арак жакшылыка алып барбайт.
0
110590
2012-11-30 20:25:08
sonka89., туура айтасын
0
nurali1989
2012-11-26 19:16:02
Баары ичкиликтен, биздин айылда, ичкендер четтен кырылууда. Арака бир нерсе кошуп атышат окшойт
0
naglyi
2012-11-26 19:51:13
Элибизде ыймандын алсыздыгынан тобо чачты тик тургузган окуялар болуп жатат. Буга жинди сууну куноолойбуз. Жок бул окуяга да сиз менен куноолуубуз ошол адамга толук дин жонундо маалымат жеткирбеген. Жаратканым озу сактасын жаман нерселерден.
0
zuleyka
2012-11-26 21:21:17
otkon jumada arakka toiup alyp balasyn bychaktap oltyrdu dep okuduk ele emi balasy atasyn olturdu deyt!kuday sakta jakandy karmap,kelime keltirip,tobo ktlgandan bawka arga jok.Kudaydyn kaaryna kalbasak ele boldu!
0
ayzatushka
2012-11-27 03:48:17
Бул не деген соз болду
0
razana_kg
2012-11-27 08:38:16
Соз жок. Адам бузулду чойро бузулду.
0
gumi94
2012-11-30 21:20:37
Alla taalam iyman bersin baarybyzga! Myndailardyn jazasyn allah ozu bersin!
0
Maksat81
2012-12-01 00:33:42
Атасын ушунча эмнеге жек корот болду экен? Менимче атасынан жакшы деле тарбия албаса керек! Айтор ким билет!
0
Marjan.Murok
2012-12-02 02:16:24
arak zavodtordu jogotkulachi dagi kech bolo elekte suranam menin kolumda bolgondo bombalamakmin emne uchun jok kiluunun oorduna kaira reklama kilasinar
0
spartak_fan
2012-12-07 23:22:01
э тобо.деги дуйно эмне болуп баратат.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан