ӨЗ ДОСУН БЫЧАКТАП САЛГАН КЫЛМЫШКЕР КАРМАЛДЫ

Чүй облусунда оор кылмыштын бети ачылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 8-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда жолдун боюнда азиат түспөлүндөгү адамдын бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Анын мурун 12 жолу соттолгон, 56 жаштагы Токмок шаарынын тургуну экени аныкталган. Чүй райондук ИИБи адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү аныкталып, ал маркумдун бала кезинен берки досу экени билинген. Ал алгач из жашырып кеткени менен, мыйзамдын укуругу узун экенин сезгенби, милицияга өзү келип, кылмышын мойнуна алган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
atyrulan
2012-11-26 22:15:17
Алда байкуш. Оз жашоосун сагынып калганго.
0
№ 525, 23-29-Ноябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан