Ар бир ата уулун жакшы максат менен чоңойтуп, ага жакшылыктарды гана тилейт эмеспи. Ал эми акыл-насаатын айтып, уулун түз жолго үндөгөнү үчүн биздин бүгүнкү сөз кыла турган каарманыбыз өз канынан жаралган баласынын колунан ажал табам деп ойлогон эместир...
ШЕКТҮҮ ҮЙ ЖАНА ШЕКТҮҮ АДАМ
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында болжол менен түнкү саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын тургундары тарабынан көчөдө бир киши өлүп жаткандыгы тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке алгач нөөмөттөгү Аламүдүн
РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкери барып, 55-60 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин көчөдө жаткан жансыз денесин көргөн. Ошол замат милиция кызматкери үрөйдү учурган бул кылмышты жасаган кылмышкерди табуу үчүн тез аранын ичинде аракеттерди көрүп баштаган.
Милиция кызматкери маркум жаткан жерге жакын жердеги үйлөрдүн биринин дарбазасына жакын басып барып, ал үйдүн бардык бөлмөлөрүндө жарык жанып турганын, бирок ичинде бир да киши жок экенин байкайт. Болду-болбоду кылмышкер ушул үйдө болуш керек деген ой менен ал бактын аркасына жашынып, үйдү акмалап турган. Себеби маркум так ушул үйдүн дарбазасына 4 метрдей жакын жерде жаткан. Аңгыча дарбазадан бирөө чыгып, каяккадыр шашып кетип баратканынан улам кылмышкер экенин шекшиген милиция кызматкери аны кармап калууга жетишкен. Так ушул учурда ыкчам тергөө кызматкерлери да жардамга келип калышкан.
КЫРСЫК АЛЫП КЕЛГЕН ТУУЛГАН КҮН
Тез аранын ичинде маркумдун өздүгү такталып, ал Пригородное айылынын тургуну, 1954-жылы туулган Т.Ж. болуп чыккан. Анын жогоруда сөз болуп жаткан үйдүн кожоюну экендиги да билинген. Ал эми аны бир нече жолу башка чаап, мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген адам маркумдун өз уулу, 1983-жылы туулган М.Ж. болуп чыккан.
Тергөөнүн маалыматына таянсак, окуя мындайча болгон. Так ошол күнү 29 жашка чыккан М.Ж. туулган күнүн көчөдөн теңтуштары менен белгилеп, түн ортосунда үйүнө мас болуп кайткан. Уулунун спирт ичимдигин ичип келгенин көргөн атасы аны жемеге алат. «Ичкилик жакшылыкка алып келбейт!» демекчи, атасынын акыл-насаатын кулагынын сыртынан кетирип, аны уккусу келбеген уулу каяша айтып, сөздөн чуу чыккан. Акыры чуунун аягы чоң жаңжалга айланып, мас абалындагы уулу атасын сабап, андан соң бычак алып келүү үчүн жөнөгөндө атасы көчөгө чыга качкан. Аны байкай койгон уулу эшиктин алдында турган балтаны алган да, атасынын артынан кууп жетип, башка бир нече жолу чапкылап жиберген. Андан соң эртерээк изин жашыруу максатында кайрадан үйүнө кирип, кийимдерин баштан-аяк которуп чыккан. Бирок ал максатына жетпей, чыга бергенде эле милиция кызматкерине кармалып отурат.
«КЫЛМЫШЫН ТОЛУГУ МЕНЕН МОЙНУНА АЛДЫ»Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка ошол жерден табылган кандын издери калган балта далил болгон. Кылмышка шектүү М.Жга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ал кылган кылмышын толугу менен мойнуна алып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Албетте, ар бир кылмыш мейли мыйзам чегинде, мейли Жараткан тарабынан, айтор, жазасыз калбайт. Атасын аёосуз балталаган уулду «уул» деп атоого да ооз барбайт. Эми анын орду темир тор артындагы муздак дубалдардын ичинде деңизчи. А жалпы коомчулук бул окуядан соң чектен ашыкча арак ичүү менен кызуу кандуулук эч кандай жакшы ишке алып барбай тургандыгын аңдаганыбыз оң.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg