Аракты ашыкча ичүүнүн арты көбүнчө жакшылык менен аяктабай турганына төмөнкү окуя далил боло алат.
КЫЛМЫШТЫ ЖАШЫРГЫЛАРЫ КЕЛИШКЕН
6-декабрь күнү болжол менен саат 18-19дар чамасында милиция кызматкерлерине «Токмок шаарынын Октябрь көчөсүндөгү бир үйдө адамдын сөөгү көмүлгөн»деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматты текшерүү учурунда бир жыл мурун болгон оор кылмыштын бети ачылды. Токмок ШИИБинин оперкызматкерлери айтылган дарекке барып, кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсү менен көмүлгөн жерден маркумдун сөөгүн казып алышкан. Көп өтпөй маркумдун өздүгү такталып, ал 1956-жылы Орусиянын Новосибирск облусунун Север айылында туулган, үй-жайы, үй-бүлөсү жок Александр Суханов болуп чыккан. Кылмышка шектүү делинип 1978-жылы туулган Мирлан Абдиев да колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүү да, маркум да Токмок шаарында көп жылдан бери жашап, бири-бирин жакшы таанышчу экен.
Бул окуя тууралуу кылмышка шектүү деп кармалган ЕВГЕНИЙ КРАВЧЕНКО төмөнкүлөрдү айтып берди:– 2011-жылдын декабрь айында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы менин үйүмдө Мирлан, Александр, Игорь жана мен болуп спирт ичимдиктерин ичип жатканбыз. Бир кезде Александр менен Мирлан уруша кетишти. Мирлан олбурлуу болгондуктан, экөөнү ажырата алган жокпуз. Бир кезде ал ачуусу менен колуна бычак ала калып Александрды сайып жиберди. Александр жаткан жеринде каза болуп калды. Өлүп калганын көргөн Мирлан качып кеткен. Игорь экөөбүз эмне кыларыбызды билбей ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры сөөктү эч кимге билдирбей жашырууну чечтик. Анан чарбакка алып чыгып жерди бир метрдей казып, денени көмдүк да, үстүн чөптөр менен жаап, жашырып койдук.
«УЧУРДА ШЕКТҮҮ ДЕП ҮЧ АДАМ КАРМАЛДЫ»
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Бул кылмыш боюнча шектелип кармалган Мирлан Абдиевге Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын тургундары Евгений Кравченко жана Игорь Оленков да кармалып, кылмышты мойнуна алышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда. Тергөө иштери жүрүп жатат.
«Кан узатпайт»демекчи, кылмышкерлер көпкө узай алышкан жок. Эми алардын орду темир тор аркасында. Балким, муздак дубалдын ортосунда отуруп, алар кылган кылмышына өкүнүшөр...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg