Масчылыкта киши өлтүрүп алуу бүгүнкү күндө турмуштагы кадыресе көрүнүш болуп бараткандай. Мындай кылмыштардын көпчүлүгүнүн сценарийи да окшош. Ичкилик – мушташ – өлүм. Себеби ар кандай, уурулук, жеке кастык же башка болушу да мүмкүн. Ал эми биз сөз кыла турган окуяда адам өлүмүнө кызганыч себеп болгон.
БИРӨӨСҮ КАЧЫП, ЭКИНЧИСИ ТОКМОК ЖЕП...
12-декабрда милицияга Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине жакын жерде кишинин өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өлүк табылган жерге барган милиция кызматкерлери анын катуу токмок жегенден каза болгондугун аныкташкан. Кылмышкерлер курмандыгын аёосуз сабашкан экен. Маркумдун аты-жөнү да такталып, ал убактылуу эч жерде иштебеген Сергей аттуу 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Кылмыш болгон аймакта иш алып барышкан оперкызматкерлер бир нече сааттан кийин бул кылмышка шектүүлөрдү кармашкан.
Тергөөнүн версиясы жана кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Валерий Колесников менен Андрей Зайцев спирт ичимдиктерин көтөрүп алып, тааныш кыздарынын үйүнө келишет. Алар менен чогуу майрамдап отурушканда кыздардын дагы эки тааныш жигити келип калат. Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт болгонбу же кыздарды кызганганданбы, айтор, чогуу ичип отурушуп, жигиттердин ортосунда чыр чыгат. Талашты күч менен чечишмекчи болушуп сыртка чыгышат. Чыр мушташка айланып баштаганда кийинки келген коноктордун бири качып кетип, экинчиси катуу токмок жейт. Жыгылып калганда да аны экөөлөп ур-тепкиге алышып, аны жаткан жеринде таштап, үйгө кирип кетишкен.
«САБАГАНДАН КИЙИН ҮЙГӨ КИРИП УКТАП КАЛЫППЫЗ»
Кылмышка шектелип кармалган Андрей Зайцев:
– Кечки саат тогуздар чамасында мешке от жагып жатсак кызуу абалда эки жигит келип калды. Алардан «кимге, эмнеге келдиңер?» деп сурасак, «силердин кыздарыңарга келдик» дешти. Ал кыздар менен жакын достордон экенибизди билишпейт окшойт. Сөздөн-сөз чыгып, алар сөгүнүп киришти. Жакшы айтып түшүндүрсөк да болбойт, бир убакта мушташып кеттик, бирөөсү качып кетип, экинчисин тепкилеп кирдик. Жатып калды эле, тургузсак, 2 метрдей басып отуруп алган. Анан биз үйгө кирип кеттик. Бир убакта чыксак, дале отуруптур, жакшы эле болчу. Кайра кирип арак ичкенден кийин уктап калыппыз. Эртең менен турсак, «киши өлтүрдүңөр» деп милиция кызматкерлери кармап кетишти.
«ЭКӨӨ ТЕҢ МУРУН СОТТОЛГОНДОР»
Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматынын инспектору Мырзабек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:– Бул кылмыш боюнча шектелип, мурун уурулук кылгандыгы үчүн соттолгон 1981-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Валерий Колесников жана мурун баңгизаты менен кармалып, соттолгон 1986-жылы туулган Кант шаарынын тургуну Андрей Зайцев кармалган. Алар кылмышын мойнуна алышты. Экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кармалгандар СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.