Жакында эле Бишкек шаардык милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. Бул окуяда бир түнгө сатып алган сойкуну кардарлары муунтуп өлтүрүшкөн экен.
ӨЛҮКТҮН БЕТИН ИТТЕР ТЫТЫП КЕТКЕН
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында саат 15:30дар чамасында милицияга Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи району тарапта 20-25 жаштардагы белгисиз кыздын киши колдуу болуп өлгөн денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Сөөк табылган жерге барган милиция кызматкерлери Артёмов жана Литовская көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдун жанынан өткөн жылуулук трубаларынын астында денесинде сабалгандан калган тактары бар азиат улутундагы белгисиз кыздын өлүгүн көрүшкөн.
Бул кылмыш тоноо үчүн жасалбаганы көрүнүп турган. Себеби кыздын колунда шакектери бар болуп, жанында ага тиешелүү буюмдар жаткан. Жаш кыздын катуу сабалгандыгы жана мойнунда муунткандан калган тактар болгондуктан, эмнеден улам өлгөндүгүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан сырткары маркумдун бетин таанылгыс кылып иттер тытып жеп кетишкен экен. Жакын жердеги үйлөрдө жашаган тургундар, автоунаа токтотуучу жайдын кароолчусу да суралып, бул кылмыш боюнча күбөлөр табылган эмес.
Көп өтпөй маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1992-жылы Ош шаарында туулган Гуля аттуу кыз экендиги билинген. Гулянын Кыял аттуу курбусу да табылып, ал оперлерге курбусу экөө Бишкек шаарынын Ибраимов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде сойкулук менен алектенип келишкендигин билдирген. Анын айтымында, Гуля кезектеги чакырууга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Көп өтпөй Бишкек шаардык ИИББинин оперкызматкерлери бул кылмышка шектүүлөрдү аныкташып, колго түшүрүшкөн.
ЗОРДУКТАП, АНАН МУУНТУП...
Кылмыш иликтөөчүлөрдүн жана кылмышка шектелип кармалгандардын айтуусу боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Кылмышка шектелип кармалган Медер жана Калыбек Кочкор районунан Бишкек шаарына келгендерине 2 ай болгон. Кырсык болгон күнү экөө чогуу отуруп сойкуларга барууну чечишет. Анан көчөдө денесин саткандардын сутенёру менен сүйлөшүп, Гуля аттуу кызды бир түнгө сатып алып, батирге алып келишет. Бир убакта жигиттер менен кыздын ортосунда чыр чыгат. Анан Гуля сутенёруна телефон чалып, алар түнкү экилер чамасында кызды алып кетмек болушат. Медер кызды узатып чыгып, жолдо дагы уруша кетишет. Ошол убакта Медер аны тынчтантмакка аракет кылып муунтуп баштайт. Кыз каршылык көрсөтүп, кыйкырып жаткандыктан, бирөө-жарым жетип келишинен корккон Медер катуулап муунтат. Кыз каршылык көрсөтпөй, дымы чыкпай калганда гана анын уюлдук телефонун алып, кылмыш болгон жерден изин суутуп кеткен.
Бишкек шаардык ИИББинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов төмөнкүлөрдү билдирди:– Бул кылмышка шектелип Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары, 1984-жылы туулган Медер Иманкулов жана 1989-жылы туулган Калыбек Токтогазиев кармалып, кылмыштарын мойнуна алышты. Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg