ЭКИ МИНИСТР ӨКМӨТ БАШЧЫДАН СӨГҮШ АЛЫШТЫ

25-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов, Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановго жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго сөгүш жарыялады.
Өкмөт башчынын мындай кадамга баруусунун себебин «кыштын ызгаардуу суугунда электр жарыгы жана газдын үзгүлтүккө учурашы, борбордогу жолдор кардан тазаланбай, анын кесепетинен шаарды суу каптап кетүүсү элдин нааразычылыгын жаратты» деп түшүндүрдү Жантөрө мырза. «Сөзсүз эле ушундай авариялык учурду күтүш керек беле? Акча деле табылды, эмне үчүн өз убагында ыкчам иш алып бара алган жоксуңар?»- деди ал.
Мындай сөгүшкө аткаминерлер даяр эмес беле, айтор, министрлер «сөгүш алганга чейин жеткендей деле болгон жок го» деп нааразы болушту. Жыйындын соңунда кырдаалдын келип чыгышын иликтей турган мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аны Жоомарт Оторбаев жетектемей болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
maksat
2013-01-04 01:51:09
Ай ушу министирлер емнени ойлоп журушот?же техника жокпу шаарда кар тазалачу??билгендер болсо жооп калтырып койгула сураныч??
0
Beko_1
2013-01-04 12:06:41
Soguw emes bawka nerse jariyalasan da baari bir alarga. Bir jeri da chimirep koyboyt
0
№ 530, 28-декабрь-3-январь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан