Илгертеден эле «кыргыз-казак бир тууган» деген сөз калк арасында айтылып келет. Бирок азыркы учурда бул сөз актуалдуулугун жоготуп бара жаткандай сезилет. Кыргыздарды «баурдас» дешкен казак боордошторубуз бизди өздөрүнөн кем сезип, атүгүл кордогонго чейин барышкан учурларынан улам ушундай ойго кептелесиң...
КАЗАК-КЫРГЫЗ БИР ТУУГАНБЫ ЖЕ?..
Туура! Казак менен кыргыз байыртадан эле кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болуп келишкен. Бири-биринин башына түшкөн кыйынчылыктарды чогуу тартышып, жакшылыктарына чогуу сүйүнүшүп, эриш-аркак жашаган эл. Ал эле эмес, тилдери да, каада-салты да окшош.
«Жаман эл жок, жаман адамдар бар» деген сөз бар эмеспи. Ошол сыңары Союз тарагандан тарта кээ бир боордошторубуздун жосунсуз жоруктары эки элдин ынтымагына доо кетирүүдө десек болчудай. Буга акыркы кездерде өзүбүздөн жарытылуу иш таппай, акча таап келүү үчүн иштегени барган мекендештерибизди кул кылып иштетишкен казактардын жоругу, атүгүл акындарына чейин кыргызды шылдыңдап ырдагандары далил.
«ТААНЫШЫМА ИШЕНИП БАРГАМ»
Өткөн жылдын декабрь айында интернет булактарына Казакстанга иштеп акча таап келгени барган жалгыз бой аялды казактар бети-башын көк ала кылып аёосуз сабап салгандыгы тууралуу видеотасма тарады. Биз ал айымды издеп таап, окуянын чоо-жайын өз оозунан уктук. Ур-токмокко кабылган Токмок шаарынын 46 жаштагы тургуну Бактыгүл Буржуева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2012-жылдын 10-декабрь күнү жумуш издеп Гүлжан Абдрасулова деген тааныш келин жана 5 жаштагы уулум болуп Токмок шаарынан Казакстандын Кара-Кемер айылына чыкканбыз. Мурда ал жакка барып, балмуздак сатып иштеп келчүмүн. Бир казак тааныш жигит «жумуш бар» деп чакырган эле. Барсак, ашпозчунун жумушу экен. Ал жумушу бизге жакпагандыктан жана айлыгы өтө аздыгынан улам «иштебейбиз» дедик. Ал күнү кеч болуп калып, чакырган таанышыбыздыкына жатып, эртеси, 11-декабрда кетели деп жатсак эле эшиктен 3-4 эркек кирип келди. Арасынан колуна бычак кармап алган Тоша аттуу бир жаш жигит «силер эмнеге иштебейсиңер? Бул жакка келген кыргыздар эч качан кетпейт! Бизге кул болот. Мен сени кетирбейм, керек болсо сени сатам. Менде кардар бар» деп колундагы бычагын эки ирет мага шилтегенде тийбей калды. Анан чачымдан кармап жерге көтөрүп чаап, сабап, муунтуп кирди. Жанындагылары жөн гана карап турушту.
Саат эртең мененки 9 жарымдар чамасы болчу. Андан соң үчөөбүздү автоунаасына салып, ошол эле айылдагы Өтөгөн деген көчөдөгү өзүнүн үйүнө алып келди, номери 37 экен. Бизди үйүнө киргизген соң дагы сабады. Үйүндө улгайган эжеси бар экен. Болушуп койбостон ал да кошулуп, бизди экөөлөп сабашты. Биз качалы деп дарбазаны көздөй чуркасак, ал аял алдыбыздан тосуп, колундагы таягы менен бизди эшикке чыгарбай уруп калат. Баламдын эси чыгып, кыйкырып ыйласа, тиги аял желкесинен алып эки жолу жерге көмкөрөсүнөн ыргытты. Баламды «дааратканага салабыз» дешип, мага карап «атып салабыз, өзүңөрдүн көрүңөрдү өзүңөр казгыла!» деп колума күрөк карматышты. Анан колумдан сумкамды жулуп алып айрып, ичиндеги акчаларымды, болгон алтын-күмүш буюмдарымды алып коюшту. Дагы жакшы, тигилер сабап баштаганда эле документтеримди койнума салып катып койгом.
2-3 саат өткөндөн кийин гана ошол үйдөн бир абышка чыкты да «эй, эмне кылып жатасыңар?!» деди. Ал абышканы тиги экөө сөгүп, «оозуңду жаап, үйгө кир!» деп коюшту. Тиги абышканын колунда кичинекей бала бар экен, үйгө кирет, кайра чыгат. Акыры чыдабай кетип, «коё бергиле, уят! Болбойт мындай» деди. Аңгыча бир бала келип, тиги экөө аны менен сүйлөшүп алаксып калганда карыя бизге «чуркап барып тээтиги кызыл машинага отургула» деди. Биз качып барып кызыл машинага отура калганда тиги чал да чуркап келип машинасын айдады да, бизди Шор-Төбө деген жерге алып келип таштап койду.
Анан эптеп Кыргызстанга келдик. Гүлжан болсо документи жок Казакстанда калды. Келип «Тез жардамга» чалдык, алар көрүп «алып кетебиз» дешкенде макул болгон жокмун, себеби акча көп керек экен, үйдөн эле өз алдымча дарыландым. Андан соң Бишкекке барып, «Сезим» борборуна кайрылсам алар кабыл алышып, бирок «сиз Казакстанга сатылып кеткен жоксуз, өз ыктыярыңыз менен барган экенсиз» деп дарылабай коюшту.
Мындан 2 жыл мурун улуу балам 19 жашында көлгө чөгүп каза болгон. Андан көп өтпөй эле жолдошум да көз жумду. Жумуш жок кыйналганымдан акча табуу үчүн Казакстанга баргам. Алар кыргыздарды бекер иштетип көнүшкөн экен. Бизге экөө тең «силердин бийликтегилериңер эмне кылып жүрүшөт, кыргыздарды тентитип коюп?! Бизге келген кыргыздар кетчү эмес, эмнеге силер кетип каласыңар? Бардык жумуштарды жасап, бекер иштейсиңер!» дешти.
КАЗАКПЫ, КЫРГЫЗБЫ, УКУГУ БИРДЕЙ!Каарманыбыз Бактыгүл айым күнөөлүү казак жарандарын жазага тартууга жардам берүүнү суранып КРнын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментине арыз менен кайрылган экен. Азыркы тапта ал арыз каралып жатабы же жокпу, ошону билүү максатында аталган департаментке кайрылдык. Этникалык кыргыздар менен иштешүү жана көчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбек Кочкорбаев төмөнкүдөй жооп берди:
– Аталган жарандын арызы кабыл алынган. Биз мамлекеттик орган катары ал маалыматты тактап жатабыз. Толук маалымат алган соң ИИМге, биздин Алматы шаарындагы генералдык консулдукка жиберебиз. Биздин өлкөнүн жана Казакстандын ички иштер органдары ортосунда бири-бирине жардам берүү тууралуу атайын келишим бар. Алар менен биргеликте иштешип, чындап эле казак жарандары мыйзам бузган болсо, күнөөсүнө жараша сөзсүз түрдө чара көрүлөт.
Кошумчалай кетчү нерсе, биздин эмгек жана тышкы миграция иштери боюнча эл аралык миграциялык уюму менен биргеликте чет өлкөгө барып иштөөчүлөр менен тез байланышка шарт түзүү үчүн атайын 189 номериндеги телефонубуз иштейт. Ар бир чет мамлекетке иштегени же жөн эле бара жаткан кыргыз жараны ушул номер аркылуу бизге байланышып, акысыз түрдө кеңеш, маалымат ала алышат. Мыйзамдуу түрдө кантип чет мамлекетке барып, жумушка орношууга болору тууралуу маалымат билсе болот. Ошондой эле жарандарыбыз чет өлкөгө иштегени бара турган болсо, ал жакта мыйзамсыз иштерге кабылып калбаш үчүн кете электе бул жактан жашоо шартын, айлык акысын тактап алышы керек. Документтерин башка жаранга эч качан бербеши зарыл. Ошондо гана жарандардын өз укугу корголот.
Мына, окурман. Эми күнөөнү кимге оодарабыз? Жумушсуздуктун айынан мыйзамсыз түрдө иш издеп барган мекендештерибизгеби же аларды кордогон казактаргабы? Балким, казак бийлиги өздөрүнүн мындай былыктарын «бармак басты, көз кысты» кылып көз жаздымда калтырган үчүн ушундай көрүнүш күчөп жаткандыр... Мүмкүн, биздин каныбызга сиңген айкөлдүк, кенебестик мүнөзүбүздүн да кесепети чыгар?.. Тиешелүү мекемелер мекендештерибиздин чет өлкөлүктөргө кул болгонун токтотууга тез аранын ичинде чара көрүшү керек.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg