Жаңы жыл жаңырган түнү болжол менен саат эки чамасында Аламүдүн РИИБине Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында бир адам киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарекке барып, үй ээси 1955-жылкы В.Ннын бычакталып өлтүрүлгөн жансыз денесин табышкан. Кылмышкерди издөө иштери башталып, жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип 1964-жылы туулган Н.Ж. кармалган. Иликтөөдө ал маркумдун коңшусу болуп чыккан. Учурда кылмышка шектүүгө КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козголуп, камакка алынды.