2013-жылдын 5-январында Бишкек-Торугарт жолунун 80-чакырымында адам өмүрүн алып тынган жол кырсыгы катталды. Тагыраак айтканда, Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тушунан Кемин РИИБинин 23 жаштагы аймактык инспектору К.О. болжол менен саат 21 чамасында Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа менен жолдон өтүп бара жаткан кыз менен жигитти сүзүп кеткен.
Жыйынтыгында Маловодное айылынын тургуну, 17 жаштагы кыз ыргып барып жолго кулап түшкөндө, бет маңдай тараптан келе жаткан башка дагы бир автоунаа сүзүп, жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду. Ал эми экинчи жабырлануучу болгон анын жанындагы жигит да милиция кызматкери экени аныкталды. Учурда күнөөлүү милиция кызматкери жана жабырлануучу милиция кызматкери экөө тең ооруканага жеткирилди.