2013-жылдын 2-январында болжол менен саат 23:40та белгисиз эки адам 29 жаштагы Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылынын М.А. аттуу тургунунун үйүнө кирип, сарайдан бир коюн уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде мал уурулукка шектүү деп Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун 35 жаштагы А.Э., 51 жаштагы Б.И. жана 44 жаштагы Т.Ш. аттуу тургундары кармалышты. Бул боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кыргызда "уурунун арты кууш" деген сөз бар эмеспи. Эми бул кылмышка шектүүлөр өз күнөөлөрүнө жараша жазага тартылышмакчы.