Акыркы учурларда кыргыз кыздары да кылмышка кириптер болушууда. Буга өткөн аптада Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Школьная көчөсүнүн №42-үйүнүн тургуну, 1975-жылы туулган Ж.Р. милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылганы далил боло алат. Ал өз арызында үстүбүздөгү жылдын 6-январь күнү болжол менен саат 17 чамасында Кант шаарынан 4 кыз эч себепсиз сабап таштаганы тууралуу жазган. Жыйынтыгында жабырлануучу денесине жаракат алган. Учурда бул окуя боюнча КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 112-беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүүдө.