2013-жылдын 1-январынан 7-январына чейин ооруканага автокырсыктан жабыркаган 15 адам келип түшкөн. Талас облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Марат Умаралиев: «Алардын бири – Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну экен. 19 жаштагы кыз Бишкек шаарынан келе жаткан автоунаадан Талас районундагы Көк-Кашат айылынан автокырсыкка учурап, оор жаракат менен «Тез жардам» бөлүмүнө түшкөн. Акыры эсине келе албай көз жумган. Башкалары ар кандай жарааттар менен түшүп, бүгүнкү күндө оор жараат алгандардан башкасы үйлөрүнө чыгарылды»,- деп билдирди.