Жыл жаңыргандын биринчи эле мүнөтүндө, тактап айтканда, 1-январда саат 00:01де Манас районунун Покровка айылындагы «Май төбө» кафесинде өрт кырсыгы катталган. Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону жок кылууга жетишишкен. Өрт электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Ошондой эле 2013-жылдын 7-январында саат 14:00дө Талас шаарынын Калинин көчөсүндөгү №33-үйдөн өрт чыккан. Чакырылган дарекке №17-АӨКБнин күзөт бөлүмчөсү барганда үйдүн сарайы жалындап күйүп жаткан. Күйгөн жердин жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздук эрежеси сакталган эместигинде. Материалдык чыгым такталууда. Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч туулган эмес.