Шумдугуң кургур, гезитибиздин мурунку сандарында жаңы төрөлгөн наристесин дааратканага таштаган эне тууралуу макала чыгып, жакабызды кармап үлгүрө электе ошондой окуя кайталанды. Бул жолу жүрөк үшүн алган окуя Каракол шаарында болуп өттү.
АЖАТКАНАДАН ТАБЫЛГАН НАРИСТЕ ҮЧ КҮН МУРУН ТӨРӨЛГӨН
Окуя кандай болуп өткөнүн Каракол шаарынын ИИБинин тергөөчүсү, милициянын майору ТОЛКУНБЕК АКМАТОВ баяндап берди. – Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында күндүзгү саат 11лер чамасында Каракол шаарынын ИИБине телефон аркылуу «ажатканада наристенин денеси жатат» деген анонимдүү билдирүү келип түштү. Ал маалыматты текшерип, билдирүү боюнча айтылган дарекке дароо жетип бардык. Ажаткананы караган учурда жаңы төрөлгөн баланын денеси табылган. Тилекке каршы, ымыркай чарчап калыптыр. Себеби бала 11-февраль күнү төрөлгөн, бизге маалымат үч күндөн кийин түшкөн экен. Алгач ымыркай Каракол шаарындагы өлүкканага алынып келинип, эксперттер наристенин өлүгүн союп, андан соң жерге беришкен. Бүгүнкү күндө экспертизанын жыйынтыгы чыгып, наристе
9 айлык болуп төрөлгөндүгү аныкталды.
Баланы төрөп, ажатканага таштап салган аялга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренесинин (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук кароого жиберилет. Бул боюнча 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Баланын энеси 1984-жылы туулган Марина Кузнецова экендиги белгилүү болду. Жолдошу менен ажырашып, Каракол шаарында апасы менен жашачу экен. Анын учурда ден соолугу начар, ал-абалы оор экенин дарыгерлер айтышты. Марина Каракол шаарындагы ооруканада дарыланууда. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө «мен атайы таштаган жокмун, мага эч кандай жардам болбой, ажатканага барып төрөгөнгө туура келип калды» деп билдирип жатат.
«ДААРАТКАНАГА ТӨРӨП, ҮЙГӨ КИРИП ЖАТЫП АЛДЫМ»
Тергөөчүнүн маалыматын угуп, жаңы төрөгөн МАРИНА менен Каракол шаарында жайгашкан ооруканадан жолугуп, суроолорубузга жооп алдык.
– Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы?
– Төрөгөн күнү эч кандай дарыгерлерге кайрылган эмесмин. Ошондуктанбы, өзүмдү жаман сезип, бул жакка келгем. Бүгүн бир аз жакшы болуп калдым.
– Жолдошуңуз барбы?
– Жолдошум экөөбүз ажырашып кетип, апам менен Караколдо жашайм. Баланы боюма көтөрүп жүргөнүмө 9 ай болуп калса да, эч ким билчү эмес.
– Мындан башка балдарыңыз барбы?
– Биринчи балам 4 жашта. Экинчисин 11-февралда кечки саат 10:00дө төрөдүм. Ошол күнү мончого түшкөм, ичим бир аз ооруп турган. Бирок жакында төрөйм деп ойлогон эмесмин. Ажатканага барсам, бала кокусунан түшүп кетти. Эмне кыларымды билбей, үйгө кирип жатып алгам.
– Наристе тирүү беле, үнүн уктуңузбу?
– Баланы көргөн да жокмун, үнү дагы угулган эмес. Азыр ойлонуп, убагында кимдир бирөөлөрдү жардамга чакырбаганыма өкүнүп жатам.
Маринанын кошунасы ВАДИМ КУДЕЙКИН:
– Мен Маринанын кошунасы болом. Бул үйгө эки күндөн бери эле милиция кызматкерлери келип жатышкан. Мен өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок дааратканага жаңы төрөлгөн баланы таштап салышканын айтып жатышкан. Маринанын боюнда бар экенин да байкаган эмесмин, билинчү эмес. Менин билишимче, ал жалданып иштеп жүрчү, күнүгө эле жумушка барып келип жүргөн.
Айзат Анарбекова
koom@super.kg