Шумдугуң кургур, азыр алдамчылыктын ар кандай түрү кездеше турган болуп калды. Аскердик кийим кийип уурулук кылган адамдын жоругу бир чети таң калтырса, экинчи чети кейитет экен.
«ТЕЛЕФОН УУРДАЛДЫ, МЕН ТЕКШЕРИП ЖҮРӨМ»
Үстүбүздөгү жылдын 5-февраль күнү Каракол шаарынын тургуну Ольга Сидорова аттуу айым Каракол шаардык ИИБине арыз менен кайрылган. Арызында өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган айым «сенин телефонуң уурдалган экен» деп ар кандай сөздөр менен коркутуп, телефонун тартып алганын жазган. Каракол шаардык ИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1992-жылы туулган Мадина аттуу кыз кармалган.
Жабырлануучу ОЛЬГА СИДОРОВА окуя кандай болгонун кеңири баяндап берди:
– Мен Каракол шаарынын базарында жайгашкан ажаткананы иштетем. Аз болсо да колдон келишинче тапкан акчабызга жан сактап келебиз. Адаттагыдай эле жумушта болчумун, бир маалда аскер кийимин кийген айым өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырды да, менин уюлдук телефонумду сурады. Берсем, «жакында телефон жоголгон, ошону издеп жүрөм, сиздин телефонду да текшерип келем» деп күчкө салып эле телефонумду алып кетип калды. Менин «телефон өзүмдүкү» деп каршы болгонума караган жок. Анан арыз жазууга туура келди.
«ФОРМАГА ЖАМЫНЫП БИР ЭЛЕ ТЕЛЕФОН УУРДАДЫМ»
Бул айымдын сөзүн угуп, чындап эле кылмышка шектүү адам аскер формасын кайдан алгандыгы таң калычтуу болду. Караколдогу убактылуу кармоочу жайда отурган Мадинага кайрылдык:
– Атым – Мадина, Түп районунда 1992-жылы туулгам. Буга чейин Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнөн акча жана аскер формасы жоголгон. Кылмышка мени күнөөлөшкөн, жыйынтыгында соттун чечими менен 15 сутка камакта болгом.
Өткөн жылы бир тааныш эжеден аскер формасын карыз алган болчумун. Аны кайрып берейин деп бул форманы «Ак-Тилек» базарынан 750 сомго сатып алып, кийип жүргөнүмө бир жума убакыт болду. Форманы жамынып болгону бир эле телефон алдым. Башка эч кандай жаман нерсе жасаган жокмун. Бирок кылган күнөөмдү мойнума алам. Окуя кандай болгонун эстегим келбейт, айтпай эле коёюнчу.
Каракол шаардык ИИБинин башчысы ДАЙЫРБЕК САГЫНБАЕВ:– Бул кыз кийип жүргөн аскер кийими Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнөн уурдалып алынганы тастыкталды. Андан дагы мыйзамсыз түрдө өзүнө «кичи сержант» деген наамды ыйгарып алган. Бул факты боюнча 164-166-беренелердин негизинде сот жообуна тартылат. Ал эми мыйзамсыз өзүнө наам ыйгарып алганы боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg